KELECHEK

Уран калдыктары бизге Союз учурунан “белек” болуп калган (ФОТО)

Уран калдыктары бизге Союз учурунан “белек” болуп калган (ФОТО)

Уран калдыктары сактоочу жайлар – Кыргызстандын, Жалал-Абад облсунун же Майлуу-Суу шаарынын, Шекафтар, Сумсар айылдарынын проблемасы эмес, бул илгертен калган Союздун мурасы.

Учурда уран калдыктары сакталган жерлер бир гана Кыргызстан үчүн эмес, жалпы Орто Азия чөлкөмүнө өзүнүн коркунучун жаратып келүүдө. Акыркы мезгилдердеги климаттын өзгөрүүсү, дүйнөдө болуп жаткан глобалдык жылуулук, ар кандай жаратылыш кырсыктары уран калдыктарын адам жашабаган коопсуз жерге көчүрүп, кайра көмүү Эл аралык коомчулуктун жана башка кошуна мамлекеттердин да көмөгүнө муктаж экени талашсыз маселе.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы Майлуу-Суу шаарында, Чаткал районунун Шекафтар жана Сумсар айылдарында жана Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар-12 шаарчасында уран калдыктары көмүлгөн бир нече участоктор бар.

Майлуу-Суу шаарынын аймагында 23 калдык сактоочу жайы (жалпы көлөмү 2 млн. куб метрге) жана 13 тоо кен калдыгы (жалпы көлөмү 1 млн. м3) уран өндүрүштөрүнүн калдыктары жайгашкан. Бул жерде 1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводу уранды иштетип келишкен. Жыйырма жыл ал заводдун иштеткен уран калдыктары Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгине көмүлгөн. Союз урагандан кийин, калдыктар көмүлгөн жерлер кароосуз калгандыктан, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы Токтомунун негизинде уран калдыктары көмүлгөн жерлер жана тоо тектери КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл аймагынын Шекафтар айылынын аймагында Союз учурунда эле көлөмү 700 миң метр кубду түзгөн 8 начар радиоактивдүү кен калдыктары жайгашкан. Биз сөз кылып жаткан калдыктар сакталган дөбөчөлөр 1946-1967-жылдары ушул жерде уранды иштеткен шахтадан чыккан. Кен калдыктарынын ичинен алтоо айылда, экөө айылдын сыртында 5-6 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми №2,3, 4, 5, 6,7 калдыктар үйлөргө, мектепке жакын жайгашкан.

Сумсар айылында үч калдык сактоочу жай жайгашып, көлөмү 4 млн. м. 324 га жалпы аянтты түзөт. Бир нече металл кендерин өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кен казып алуу алуу комплекси Сумсарда 1951-жылдан тартып 1978-жылга чейин иштетилген. Ал эми 1952-57-жылдар аралыгында №1,2чи калдык сактоочу жайлары жабылган, №3чү калдык сактоочу жайы калыбына келтирилген (рекультивацияланган) эмес. Негизги курамын оор металлдардын туздарынын (коргошун, цинк, кадмий, сурьма) калдыктары түзөт. Учурдагы калдык сактоочу жайлардын абалы канааттандырарлык болгону менен жаан-чачын мезгилде гидротехникалык курулмалар жуулуп, аңдар пайда болуп, технологиялык жолдору бузулууда.

Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасынын аймагында эки кен калдыгы бар. Бул кен калдыктары шаарчанын батыш тарабында 1 чакырым аралыкта жайгашкан. Аталган обьектилерде 1949-жылы чалгындоо иштери башталып, 1967-жылдарга чейин уран калдыктары өндүрүлгөн. Бул жерде калдыктардын жалпы көлөмү 37 миң метр кубту түзөт.

Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин аткарган иштери

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө Агенттигинин директору Дамирбек Кушбаков  бул мекеменин аткарган иштери боюнча токтолуп кетти:

- КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттиги калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын абалына дайыма мониторинг жана техникалык көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүп турат. Бул иш-чараларга калдык сактоочу жайлардын коргоочу катмарларынын жана инженердик-коргоочу курулмаларынын (дамба) абалын баалоо, геотехникалык маркерлерди көзөмөлгө алуу жана гамманурдануунун деңгээлин өлчөө жана башка ушул сыяктуу жумуштар кирет. Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнүн айынан жаан-чаачындардын көп жаашынын, абанын тез ысып кетишинен сел-ташкындарынын көп жүрүшүнүн, жер титирөөлөрдүн жана калдык сактоочу жайларга тийген антропогендик таасирлердин натыйжасында пайда болгон өзгөрүүлөр боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте, калдык сактоочу жайларда кошумча изилдөөөр жүргүзүлүп турат. Быйылкы жылы аба-ырайынын ыңгайлуу жана туруктуу жакшы абалда тургандыгына байланыштуу, КР ӨКМне караштуу калдык сактоочу жайларда сел жүрүү, суу ташкындары жана жер титирөө фактылары катталбады. Ошого байланыштуу авариялык жана калыбына келтирип, оңдоп-түзөө иштери Агенттик тарабынан жүргүзүлгөн жок.

Агенттиктин директору Дамирбек Кушбаковдун берген маалыматына караганда, Шекафтар шаарчасындагы уран өндүрүшүнөн калган тоо-кен калдыктары жайгашкан аянттардын айлана-чейрөгө тийгизген таасири бааланып (ОВОС), техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) иштелип чыккан. Аталган даректе баардыгы болуп 8 кен калдыктары жайгашкан. Калктуу аймакта радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында аталган долбоордо алты кен калдыктары жайгашкан жайды шаарчанын сыртына же болбосо №4 калдык сактоочу жайга которуу пландалып, ал иш-аракет 2020-жылга мерчемделген. Рекультивациялоо жумуштарын жүргузүү үчүн КР ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинде Долбоорлорду башкаруу тобу (ГУП) түзүлгөн.

Сумсар шаарчасындагы уулуу (токсичный) калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча долбоор даярдалып, тиешелүү мекемелер тарабынан экспертизадан өткөрүлгөн. Долбоордун сметалык баасы 120 млн. сомду түзөт. Азыркы учурда Агенттик бул маселе боюнча калкка жана айлана-чөйрөгө болгон зыяндуу таасирлерди азайтуу максатында, чет элдик инвесторлорду тартуу аракеттерин жүргүзүүдө.

Европа Биримдиги алкагында: Европа Биримдигинин каржылоосу астында, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 19-июлундагы № 123-Мыйзамы менен ратификацияланган “KG 4.01/14: Майлуу-Суу шаарындагы уран өндүрүшүнүн мурунку объектилерин курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин комплекстүү баалоо жана реабилитациялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси” долбоорун 2017-2019-жылдары ишке ашыруу пландалган. Долбоор тендердик конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган “Wisutec” (Германия) Консорциуму тарабынан ишке ашырылууда. Консорциумдун негизги милдети, Майлуу-Суу шаарындагы уран өндүрүшүнөн калган объектилерди рекультивациялоодо эң натыйжалуу жана эффективдүү варианттарды аныктап сунуштоо болуп эсептелет. Бул долбоордо калдык сактоочу жайларда жана башка радиоактивдүү объектилерде мониторинг жүргүзүү үчүн мобилдик жана туруктуу жабдуулар менен камсыздоо каралган. Азыркы учурда Консорциум тарабынан, Майлуу-Суу шаарында радиологиялык изилдөө максатында топурактын жана суунун үлгүлөрүн алуу, инженердик сүрөттөргө тартуу жумуштары жүргүзүлүүдө”, - дейт Д.Кушбаков.

Ошондой эле, Агенттиктин директору Д.Кушбаковдун маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 424-токтому менен Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар №12- шаарчасындагы уран кен калдыктары жайгашкан жайлар КР ӨКМнин балансына өткөрүлүп берилген. Учурда маалыматтардын электрондук базасын түзүү жана министрликтин карамагындагы объектилерди паспорттоштуруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Майлуу-Суу шаарында коомдук угуулар өткөрүлөт

Ош шаарындагы Орхус борборунун тараткан маалыматына караганда, “Майлуу-Суу шаарындагы уран өндүрүшүнүн мурунку объектилерин курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин комплекстүү баалоо жана реабилитациялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси” долбоору 2017-жылдын ноябрында бардык кызыкдар тараптардын олуттуу салымы жана жергиликтүү жамааттар менен тыгыз байланышта башталган. Долбоордун биринчи этабында, ар түрдүү кен калдыктары жана калдык боюнча колдо болгон бардык маалыматтар топтолгон. Жер астындагы жана шахталардын, ошондой эле нурлануунун толук кошумча ченеми, суунун  жана жер кыртышынын булгануусун, атап айтканда, гамма-көрүнүштөрүнүн, радондун абада жеке жана коомдук имараттардын ичиндеги деңгээли текшерилген.

Долбоордун максаты - учурдагы    маалымат менен таанышуу жана кошумча өлчөөлөрдү жүргүзүү менен аталган аймакта айлана-чөйрөнүн экологиялык жана  радиологиялык кырдаал боюнча толук көрүнүштү  түзүү,   эн негизгиси, анын ичиндеги  ар түрдүү объекттерди жоюу зарылчылыгын аныктоо болгон. Долбоордун эӊ  көрүнүктүү  натыйжалары болуп, өнүккөн эл аралык жана геотехникалык метеорологиялык көзөмөлдөө-ченөөчү приборлору  камтылган жер көчкүнү  эрте эскертүү системасын (Италиялык  жабдууну) орнотуу. Бул жабдуулар калктын, үй жаныбраларынын, уран жана өндүрүш калдыктарынын  жер көчкү коркунучтарын  азайтуу  жана жеке менчик объектилеринин  кыйроосун алдын алууга жардам берет.

"ВИСУТЕК" Консорциуму азыркы учурда рекультивация стратегиясын иштеп чыгууда, биринчи кезекте Калдык сактоочу жайлар менен иштөө Агенттиги жана тиешелүү профилдик мамлекеттик органдар менен  талкуулоосу зарыл, андан кийин Майлуу-Суу шаарында коомдук угуулар аркылуу жалпы коомчулукка тартууланат. Тийиштүү түрдө жарыялануучу коомдук угуулар жергиликтүү элдин пикирин билүүгө багытталган. Анын жыйынтыгында алардын пайдасы үчүн  долбоор ишке ашырылат.

Рекультивациялык чаралар аймактын жашоочуларына жана бизнес үчүн коопсуз болот, Майлуу-Сууга курулуш жана өнүктүрүү  тармагына келүүчү  инвесторлор жана демилгелер  үчүн   жагымдуу  шарт түзөт. Майлуу-Суу шаарынын эли үчүн иш-чара 2019-жылдын күзүндө пландаштырылууда. Калыбына келтирүү боюнча сунушталган чаралар жана  күтүлүүчү айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана жумшартуучу чаралары  коомчулукка тартууланат.  Коомдук угуулар маалыматка  жана талкуулоого  мүмкүндүк берет. Майлуу-Суу шаарынын тургундары үчүн суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, алар  тынчсыздандырган маселелерди козгой алышат жана жакшыртуу долбоорун сунушташат.

Аталаган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча гезит, журнал, радио-телеканалдардын  журналисттери Майлуу-Суу  шаарынын объектилерине барууга чакырылат жана учурдагы абал жөнүндө биринчилерден болуп маалымат алышат. Ошондой эле чакырылган журналисттер коомдук угууларда катыша алат.

Учурдагы абалдын айлана-чөйрөгө таасир этүүсү жана тобокелдиктери кайсылар?

Руданы активдүү казып алуу жана байытуу мезгилннен калган  өнөр жай зоналардагы курулуштар  жана башка инфраструктуралар,   тоолордо иштетилген жайлар, пайда болгон чункурлардын кооптуу абалы менен байланышкан калктын коопсуздугуна таасир этүүчү геотехникалык тобокелдиктер бар экендиги айкын. 

Сумсардагы №3чү калдык сактоочу жайы сай сууларынын туруксуз жээктерди жеп жана айлана-чөйрөдөгү көзөмөлсүз калган чыгынды материалдардын агызуусунан эрозияга кабылууда.

Тоо объектилеринин тассирине кабылган кээ бир булактардын суулары сууну максаттуу пайдалануучуларга (б.а. ичүүгө, сугарууга жана жандыктарга суу ичүү жайына) туура келбейт. 

Тоо таштандыларынын, шахталардын, өнөржай курулуштарынын жана башка өнөржай имараттарынын болуусунан улам пайда болгон радиациялык тобокелдиктер табигый радиациялык көрүнүштөргө караганда  өтө чоӊ эмес же андай деле  маанилүү эмес.

Шахтанын ичинен чыккан сууну ичишкен шекафтарлыктар таза суу менен камсыз болушту

 “Жалал-Абад облусундагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердеги экологиялык абалы жана анын адамдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири” деген аталыштагы долбоор жазылып, Интерньюс уюмунун каржылоосу менен 2017-жылы журналисттик иликтөө ишке ашырылган. Аталган долбоордун алкагында: “Майлуу-Сууда көмүлгөн уран калдыктары экологиягы жана адамдардын ден соолугуна кандай терс таасирин тийгизүүдө”, “Уран калдыктарынын арасында жашаган шекафтарлыктар шахтанын ичинен чыккан сууну ичишет”, “Сумсар айлындагы калдык сактоочу жайдан аккан суу түз эле дарыяга кошулат”, “Кызыл-Жар-12 уран калдыгы сакталган жер эч бир министрликке карабайт” аталышындагы журналисттик иликтөөлөр “Аймак”, “Взгляд” гезиттерине басылып, “kogart.kg” Интернет сайтына жарыяланып, Жалал-Абад облустук мамлекеттик ТВсынан көрсөтүлгөн болчу.

Ошол иликтөөбүздө Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылынын тургуну, 63 жаштагы Саадат Колдошова таза суу болбогон мезгилде Майлуу-Суу дарыясынан сууну ташып иче тургандыгын билдирген болчу.

- Биздин айылда таза суу маселеси өтө көйгөйлүү. Кышында крандан таза суу чыкканы менен жаз келгенде баштап, суу чыкпай калып, сайдан чакалап ташып, тунутуп ичебиз. Кээде суу тунбай калат. Ошонун кесепетинен тиф, ичеги-карын оорулары менен көп ооруйбуз. Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин ачылып калган жерлер бар. Анан ал жактан агып түшкөн суулар сайга кошулуп агып келет. Биз таза суунун жоктугунан сайдан ичүүгө аргасыз болобуз. Аялдардын жыныстык оорулары, онкологиялык оорулар менен да көп ооруп жатышат, - деп айткан С.Колдошова.

Шаарды таза суу менен камсыз кылуу эң көйгөйлүү маселе экендигин Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов да билдирген. Анын айтымында, жаздын келиши менен карлар эрип, Майлуу-Суу шаарында таза суу стандартка жооп бербей калат. Шаар калкын таза суу менен камсыз кылуу долбоору 2014-2015-жылдары башталган. Европалык реконструкциялоо өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы Майлуу-Суу шаарынын ичүүчү суу системасын реаблитациялоо боюнча долбоору каралган. Бул долбоор ишке ашып калса, шаар тургундарынын таза суу маселеси чечилип, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алууга жакшы шарт түзүлөт

“Учурда Майлуу-Суу шаарында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосунда 7,2 млн. еврону түзгөн “Майлуу-Суу шаарынын ичүүчү суу системаларын реаблитациялоо” долбоору боюнча КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майында 146-б буйругу чыгып, иш башталуунун алдында турат”, - дейт Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын сектор башчысы Уметбек Сатыбалдиев.

Жалал-Абад облусунун борборунан 260 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Чаткал районуна караштуу Шекафтар айылынын тургундары №3чү калдык сакталган шахтанын ичинен чыккан Тулпар-Булактан сууну чакалап ташып ичишээрин айтышкан. Биз ал булакты көргөнү барганда, айрымдары булактан сууну чака менен сүзүп алып, үйлөрүнө ташып жатканына күбө болгонбуз. Тулпар-Булак суусунун үстү ачык болуп, тегереги тазаланбагандыктан,  суунун үстүн балыр басып калган. Ошого карабастан, ал жердин жашоочулары сууну күнүмдүк жашоолоруна пайдаланып келишкен.

Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Айтыкул Рысбековдун берген маалыматына караганда, Шекафтар айылынын Ынтымак көчөсүнө 2018-жылы “Сумсар-Тазалык” ишканасы тарабынан БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде 2100 метр аралыкка суу  түтүктөрү (водопровод) тартылып, ишке киргизилген.

“Ал эми 2019-2020-жылдары Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, 850 метр полиэтилен суу түтүктөрү Шекафтар айылынын С.Акишев көчөсүнө тартылышы пландалып, ишке ашырылат”, - дейт өкмөт башчы А.Рысбеков.

Анархан Жаңыбаева,  kogart.kg

http://kogart.kg/?view=news&id_news=2748

http://kogart.kg/?view=news&id_news=2850

http://kogart.kg/?view=news&id_news=2884

http://kogart.kg/?view=news&id_news=2892

http://kogart.kg/?view=news&id_news=4476

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуттук “нарктуу” баалуу кийимдердин автору Шарапова Наркан...

Улуттук “нарктуу” баалуу кийимдердин автору Шарапова Наркан...

Жалал-Абад шаарындагы дизайн-этнографиялык окуу борборунун директору Шарапова Наркан...

АНАЛИТИКА 2019-10-30  23:44

Сузактык байбичелер жүндү иштетүүнүн усулун жаштарга үйрөтүп жатышат...

Сузактык байбичелер жүндү иштетүүнүн усулун жаштарга үйрөтүп жатышат...

Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагында жашы улгайган пенсиядагы аялдардан "Өз ара...

АНАЛИТИКА 2019-10-28  13:44

Кан белек кылуу – өмүр белек кылуу менен барабар! (ФОТО)

Кан белек кылуу – өмүр белек кылуу менен барабар! (ФОТО)

Улуттук донорлор күнүнө карата Кызыл ай коому тарбынан 27-сентябрда Барпы театрында облусубуздун...

АНАЛИТИКА 2019-09-22  19:10

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Акыркы мезгилдерде  дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттын өзгөрүүсү ар кандай табигый кырсыктардын...

АНАЛИТИКА 2019-08-26  09:21

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облустук юстиция Башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү жарандарга бекер...

АНАЛИТИКА 2019-06-24  19:11

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жыл сайын 14-июнь – Эл аралык Донорлор күнүнө карата Улуттук Кызыл Ай коому ар түрдүү ураан менен ар...

АНАЛИТИКА 2019-06-18  11:31

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Акыркы мезгилдердеги глобалдык экологиялык проблемаларга байланыштуу, Дүйнө жүзүндө 240-250 миллион...

АНАЛИТИКА 2019-06-10  21:03