Казакстанда Сириядан кайтарылган 14 жаран терроризмге шектелүүдө
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сириядан кайтарылган 14 жарандын ишин тергеп бүткөнүн билдирди. Алар терроризмге байланыштуу шектелүүдө.
Тергөөчүлөр шектүүлөр Сирияда жүргөн кезде «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун бир бөлүгүндө кызмат өтөшчү деп эсептешет. Комитет 17-октябрда жасаган билдирүүдө аларга террордук ишмердикке катышуу, адамдарды жалдоо жана терроризмди пропагандалоо, «башка дагы оор кылмыштар» боюнча айып коюлганы айтылат. Алардын жынысы, аты-жөнү же жаш курагы аталган жок. Иш сотко өткөрүлүп берилди.
Комитет белгилегендей, буга чейин Сириядан кайтып келген дагы 10 эркек жана беш аял Казакстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун ишмердигине катышуу фактысы боюнча түрмөгө кесилген.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети «Жусан» операциясынын алкагында Сириядан 595 казак жараны, анын ичинде 400 бала алынып келгенин билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53