KELECHEK
rek

Өзбекстанда мугалим бөтөлкө менен чапкан окуучунун мээси чайкалган

Өзбекстанда мугалим бөтөлкө менен чапкан окуучунун мээси чайкалган

Ташкент облусунун Ангрен шаарында мугалим 8 жаштагы окуучу кызды желим бөтөлкө менен чаап жиберген. Окуя быйыл январь айында эле болгон, бирок эми гана ачыкка чыкты.

Жабырлануучунун апасы Наргиза Османованын айтымында, кызы Өзбекстандын гимнин айтып бере албаганы үчүн мугалим аны клей куюлган 200 граммдык желим бөтөлкө менен эки жолу чаап жиберген.

Ал кызын ооруканага алып барганын, ал жерде жабырлануучунун мээси чайкалганы белгилүү болгонун кошумалады. Наргиза Османова кызы азыркыга чейин жабыр тартып жатканын белгиледи:

– Кызым кускусу келип, башы ооруй турганын дайыма айтат, – деди ал.

Бирок 2-класстын окуучусу Согдиананын дарыгери бул анын ашказанындагы маселе менен байланыштуу деп эсептейт.

Наргиза Османова учурунда укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Тараптар маселени өз ара сүйлөшүү жолу менен чечишкен. Мугалим окуучу кызды дары-дармек менен камсыздоого убада берген.

– Башында алар чынында эле дары-дармектерди алып беришти. Бирок апрелде кайра ооруканага барыш керек болгондо, алар мурдагы убадаларына баш тартышты, – деди Наргиза Османова.

Мугалимдин уулу Абдурауф Тиллабоев апасы чындап эле кызды желим бөтөлкө менен чаап жибергенин ырастап, окуучуга бардык керектүү жардамды беришкенин билдирди.

Ал кыздын апасы алардын үй-бүлөсүн шантаж кылып, барган сайын көп суммадагы акча талап кылып жатканын айтып, Наргиза Османовага каршы арыз жазарын кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...