KELECHEK
rek

Уфада өзбек жараны тажикстандык окуучу кызды зордуктоого шектелүүдө

Уфада өзбек жараны тажикстандык окуучу кызды зордуктоого шектелүүдө

Башкырстандын борбору Уфада өзбекстандык өспүрүм кыз эки жыл бою тажик жараны тарабынан күч менен зордукталып жүргөнү тууралуу видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу «Вести-Башкортостан» телеканалы маалымдады.

– Ал мени 2017-жылы ичирип туруп, зордуктап салган. Мен 12, ал 43 жашта болчу. Бул эки жыл бою уланды. Ал мени коркутуп койгондуктан, эч кимге айта алган жокмун. Апамдын документтери жайында эмес болчу. Көрсө ал ага жасалма документ жасап бериптир. Ал эгер кимдир бирөөгө үн катсам, апам депортацияланарын, сиңдилерим мектептен чыгарыларын айткан. Мен кичинекей болчумун, эч нерсе түшүнгөн эмесин. Мен коркком жана үй-бүлөм үчүн чыдагам», – деген ал.

Кыздын зордукталганын биринчи сиңдиси угуп, апасына айткан. Ал болсо полицияга кайрылган. Бул окуядан кийин жабыр тарткан мектеп окуучусу жана анын сиңдилери социалдык жайга, алардын апасы чет өлкөлүктөр убактылуу кармалып турчу борборго жеткирилди.

Жабырлануучу кыз апасы менен 20 күндөн бери көрүшө электигин, ишти кароону үч айга жылдырып коюшканын кошумчалаган.

Орусия Тергөө комитетинин Башкырстан боюнча башкармалыгы зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Тергөө жүрүүдө. Шектүүнү камака алуу үчүн бөгөт чарасы каралууда.

Ошол эле маалда сот кыздардын апасын миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Орусиядан депортациялоо боюнча чечим чыгарды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...