KELECHEK
rek

Кыргызстан CASA долбоорунун алкагында электр энергиясын 5,5 центтен экспорттоону пландоодо

Кыргызстан CASA долбоорунун алкагында электр энергиясын 5,5 центтен экспорттоону пландоодо

2023-жылдан кийин Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында 1 кВт/саат электр энергиясын 5,5 центтен экспорттой баштайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, долбоор 2023-жылдан тарта иштей баштарын, учурда кыргыз тарап графиктин бардык талаптарын аткарып жатканын айтты.

– Кудай буюрса, 2023-жылы CASA-1000 долбоорун ишке киргизебиз. Сиздер жакшы билесиздер, 5,5 центтен сатабыз. Мындан тышкары ГЭС реконструкциядан өткөндөн кийин бизде кошумча 430 мегаватт пайда болот. Кошумча 6 миллиард сом алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, – деди Кадырбаев.

CASA-1000 – эл аралык долбоор, 2016-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен старт алган. Анын наркы 1 млрд. 100 млн. долларга бааланууда. Долбоорго ылайык, Түштүк Азия өлкөлөрү жогорку чыңалуудагы линиянын жардамы менен жай мезгилинде Кыргызстан жана Тажикстандан жыл сайын 5 миллиард кВт саат электр энергиясын сатып алат.

Долбоордун алкагында Кыргызстандан Тажикстанга чейин жалпы узундугу 450 чакырымды түзгөн 500 кВт электр линиясы курулат.

Андан соң Тажикстандан Ооганстанга, андан ары Пакистандын Пешавар шаарына чейин 750 чакырым узундуктагы электр линиясын куруу пландалууда.

Долбоор үчүн насыяга алынган каражаттарды электр энергиясын экспорттоодон түшкөн акчанын эсебинен кайтаруу каралган.

2016-жылы 12-майда Тажикстанда CASA-1000 долбооруна расмий түрдө старт берилген.

Буга чейин Кыргызстан жогорку чыңалуудагы электр линиясын 2020-жылы бүтүрүүнү пландап жатканын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38