KELECHEK

Исаков сотко келүүдөн баш тартса, күч менен алып келинет

Исаков сотко келүүдөн баш тартса, күч менен алып келинет

УКМКнын Тергөө абагындагы камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко келүүдөн баш тартса күч менен алып келинет.

Мындай чечимди Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязеддинова кабыл алганын аталган соттон кабарлашты. 25-октябрда Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну мурдагы премьер-министр ЖЭБ боюнча иштеги айрым күбөлөрдүн суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн.

Мындан соң сот Исаковду мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом кабыл алды.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов былтыр камакка алынган.

Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Бул иш боюнча сот быйыл февраль айынан бери жүрүп жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

HRW түркмөн бийлигин кумсалык үчүн соттолгон артистти бошотууга...

HRW түркмөн бийлигин кумсалык үчүн соттолгон артистти бошотууга...

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Түркмөнстанда белгилүү артист жана анын өнөктөштөрү...

УКУК 2020-06-01  11:57

Жалал-Абад ОИИБи: Саптык кароо жана сыйлоо өткөрүлдү

Жалал-Абад ОИИБи: Саптык кароо жана сыйлоо өткөрүлдү

Бүгүн 1-июнда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында саптык кароо өткөрүлдү.  Өздүк курамдын жайкы мезгилге...

УКУК 2020-06-01  17:33

БУУ өкүлчүлүгү ӨЭУ мыйзамы боюнча ЖК төрагасына вербалдык нота...

БУУ өкүлчүлүгү ӨЭУ мыйзамы боюнча ЖК төрагасына вербалдык нота...

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координаторунун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин...

УКУК 2020-05-24  21:08

Сириядагы согушка катышкан казакстандык Австрияда 12 жылдык жаза...

Сириядагы согушка катышкан казакстандык Австрияда 12 жылдык жаза...

Сириядагы согушка катышкан Казакстандын жараны Магомед Арчаков Австрияда 12 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп...

УКУК 2020-05-21  11:04

Парламент комитети беш пайыздык чекти колдогон жок

Парламент комитети беш пайыздык чекти колдогон жок

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент...

УКУК 2020-05-20  15:24

ИИМ: «Чоң казаттын» чакырыгы боюнча экспертиза дайындалды

ИИМ: «Чоң казаттын» чакырыгы боюнча экспертиза дайындалды

Сыймык Жапыкеев

«Чоң Казат» аттуу кыймылдын чакырыктарына укуктук баа берүү боюнча...

УКУК 2020-05-20  16:24

Байланыш агенттигинин мурдагы директору 12-июлга чейин камалды

Байланыш агенттигинин мурдагы директору 12-июлга чейин камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Байланыш боюнча...

УКУК 2020-05-15  14:46