KELECHEK
rek

“Багери таттуулары” ишканасы жылына 2 миллион сомго жакын салыктарды төгүшөт(ФОТО)

“Багери таттуулары” ишканасы жылына 2 миллион сомго жакын салыктарды төгүшөт(ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы ири салык төлөөчү болуп саналган “Сладости Багери” (“Багери таттуулары”) жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүлгөнүнө 15 жылдан ашык убакыт өттү. Аталган ишкана жылына ар кандай салыктын түрлөрү боюнча 2 миллион сомго жакын каражатты мамлекеттин казынасына төгүп келишет.

“Сладости Багери” ишканасын түптөп, анын ысык-суугуна күйүп келе жаткан ишкер айым Караева Гүлжамал Адилбековнанын мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги бааланып, КР Өкмөт башчысы М.Абылгазиев тарабынан Ардак грамота менен сыйланган.

Жалал-Абад шаарынын калкынын жашоо-шартын жакшыртуу, сырткы эмгек миграцияны кыскартуу жана ишкердикти өнүктүрүү багытында өткөрүлгөн “Бош жумушчу орундары” жарманкесине активдүү катышкандыгы үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясынын ыраазычылык каты тапшырылган. Ошондой эле, “Сладости Багери” ЖЧКу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы тарабынан “Алдыңкы салык төлөөчү” сертификатын алууга татыган. Мына ушундай ийгиликтерди жаратып келе жаткан ишкананын жетекчиси Г.Караеваны кепке тартып, анын ишкердиктеги ийгиликтери боюнча маек курдук.

- Гүлжамал Адилбековна, “Сладости Багери” ишканасы кандай максатта, качан ачылган?

- “Сладости  Багери” ЖЧКу ишканасы 2004-жылы 12-февралда түптөлгөн. Мамлекеттик каттоодон өтүп, ишкананын документтерин ырастап даярдаганга чейин 2 айдай убакыт өткөн. Анан апрель 2004-жылдан баштап биз продукция чыгара баштаганбыз. Бул идея жалгыз меники болгон эмес. Бул идея компаниянын негиздөөчүсү мырза Мухаммад Багериники болгон. Анан биз экөөбүз өнөктөш катары ушул жерде ишкананы ачып, ишти баштаганбыз. Башталган күндөн баштап жетекчи болуп келе жатам. Ишти баштаганда 8 киши иштейт болчу. Анын ичинен бир эсепчи, бир айдоочу бар эле. Анан Ирандан бир технолог алып келгенбиз. Калгандары ушул жерде иштеген жумушчулар. Жумуш жеңилирээк болсун деп, Бишкектен бир кондитерди келишимдин негизинде алып келип иштеткенбиз. Ошол кыз бул жактагы жумушчуларды үйрөтүп кеткен. Ирандан келген технолог 15 жылдан бери иштеп жүрөт. Азыркы күндө 45 киши иштеп жатат. Бардыгы социалдык пакет менен камсыз болгон. Айлыктары башында азыраак эле болчу. Азыркы күндө айлыктары иштеген күнүнө жана буйрутмага жараша да болот. Жумушчулар 9 саат иштешет. Түшкү тамак менен камсыз кылабыз. Бир жумада эки күн эс алышат.

- Ишкананы ачуунун негизги максаты кандай болгон?

- Ишкананы ачуудагы биздин негизги максат – экологиялык таза, жогорку сапаттагы кондитердик азыктарды элге тартуулоо, жумуш орундары менен камсыз кылуу болгон. Ошондой эле кайрымдуулук иштерди жасоо. Ар бир эле ишкер бизнес жасайм десе, анын эң оңой жолу бул – базар. Базарда товарды алып-сатып, ошондон пайда көрөсүн. Ал эми өндүрүшкө эрктүү гана адамдар иштешет. Өндүрүштө баштапкы жылдарда такыр эле актабайт. Анан барып-барып, жакшы жолун тапкан болсоң, элге керектүү, пайда алып келе турган жумуш кылганда гана пайда чыгат. Ар кандай ишкердикти тандаганда элдин талабына карап, анан элдин турмушун жеңилдете тургандай болуш керек. Биз ишкана ачкан мезгилде элде кондитердик азыктар аз болгон. Ошондуктан, бизге ушундай идея келген. Бишкекте кондитердик цех бар болчу. Ошол кондитердик цехтин негизинде бул жакта ишкана ачылган.

- Сиздин өзүңүздүн негизги кесибиңиз кандай эле?

- Менин негизги кесибим медицина кызматкери, Жалал-Абад медициналык окуу жайын бүткөмүн. Андан кийинки экинчи кесибим бухгалтер-аудитор, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөмүн.

- Ишкананын келечегин кандай элестете аласыз?

- Азыркы жасап жаткан ар бир аракетибиз – заман талабына, стандарттарга жооп бериш керек. Ошондой эле, биз элдин талабын канааттандырышыбыз керек негизгиси. Анан алдыга карап умтулуп, буга чейин түштүк аймагында эң алдыңкы ишкана болуп келгенбиз, мындан ары да өсүү жолуна түшүү менен өз ордубузду бербегенге аракет жасап келебиз. Азыркы күндө биз башка жумуштар менен да алек болуп, тойканалар менен иштешип жатабыз. Тойканаларга торт жасайбыз, таттууларды беребиз. Биринчи баштаганда тойканалар ар түрдүү таттууларга буйрутма берчү. Азыр эми спецификасы башкараак болуп калды. Биз дагы рыноктогу өз ордубузду бербей, эл эмне талап кылса, ошону жасап бергенге аракет жасайбыз.

- Гүлжамал Адилбековна, сиздердин чыгарган таттуулар “Халал” сертификатына ээ болгонбу?

- Биздин таттуулар “Халал” сертификаты менен тастыкталган. Бишкекте “Халал” сертификатын берген ишкана бар. Бир жылда бир алар келип текшерип турушат. Азыркы күндө 10 жыл мурдагыга караганда, ар түрдүү сапаттуу ингредиенттер, кошулмалар пайда болгон. Алгач иш баштаганда Орусиядан, Европадан келген кошулмаларды алууга мүмкүнчүлүк болбогон. Себеп дегенде алардын баасы аябай жогору эле. Ошондуктан, элдин баары Кытайдан келген азыктар менен иштеп келишкен. Бирок, ошол кезде эле биз ишти баштаганда өзүбүздүн эле Кыргызстандан чыккан продукцияны иштетип, кошулмаларды Ирандан алып келчүбүз. Себеби, Иранда кондитер азыктары биринчи орунда турат да. Ал жакта ичимдик жок болгондуктан, таттуу көп желет. Тамак-аш азыктарына өтө талап жогору, катуу көзөмөлдөшөт. Ал жакта ар бир ишкер таттууларга химиялык кошулмаларды кошпогонго аракет кылышат. Ошондуктан, биз Ирандан алып келген кошулмалар натуралдык түрдө.     

                                                          

- Багери деген аталыш эмнени билдирет?

- Багери деген бул адамдын аты. Биздин ишкананын негиздөөчүсү Багери Мухаммад Касым уулу. Ал азыр Иранда, Кыргызстандын жараны, 40 жылдык кондитердик стажы бар. Дүйнөлүк кондитердик Ассоциациянын мүчөсү болуп саналат. Ал 15 жашынан баштап кондитердик азыктар менен иштешип жүргөн киши. Ушул кишинин эң биринчи максаты – адал, таза таттууларды элге тартуулоо, ошону менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүп берүү болгон. Себеби, ар бир кылган аракетте элге пайда алып келе турган болуш керек. Ишкердикте элге жумуш орун түзүп, ишсиздерге пайда алып келип, алардын үй-бүлөсүнө жакшы шарт түзүп бересин.

- Сиздердин ишкананын түзулгөнүнө 15 жылдан ашык убакыт өтүптүр. Бул аралыкта кандай ийгиликтерге жете алдыңыздар?

- Биздин 15 жылдык эмгегибиз текке кеткен жок. Азыркы күндө бизде иштеп кеткен балдар-кыздар Орусияда, Түркияда көбү иштеп жүрүшөт. Жалал-Абадда, Кыргызстанда иштеггендер да көп. Өз алдынча иш баштап кеткендер деле бар. Алар менен биз сыймыктанабыз, аларды атаандаш катары көрбөйбүз. Себеби Аллах берген ырыскы аракет кылгандардын бардыгына тең берилген.

Алгач  ачылганда Жалал-Абад шаарынын калкы бискивиттен, каймак жана май менен жасалган гана тортторду таануучу. Ошондуктан, биз ошол торттордун эки гана түрүнөн: бискивиттен, бал кошулган тортторду жасап, элге тартуулайт элек. Азыркы күндө заман талабына жараша түрдүү кошулмалар, мустар менен жасалган торттор, чискектерди чыгарабыз. Учурда Европа менен байланыш болуп кардарларыбыз, жаңы ыкмалар, түрдүү кошулмалар менен жасалган тортторду талап кылып жатышат. Себеби мурунку таттуулар аябай ширин болгон. Азыркы заманга жараша алар актуалдуу болбой калды. Кардарларыбыз учурда орто ченемдеги, кычкылдандырылган таттууларды жеп калышкан. Ошол себептен азыр линиябыз да көбөйдү. Беш, алты түрлүү торттор линиясы бар. Андан сырткары, таттуу токоч, ар түрдүү бышырыктарды чыгарабыз.

- Жалал-Абад шаарында татттууларды саткан өзүңүздөрдүн дүкөндөр тармагы да болсо керек?

- Жалал-Абад шаарында өзүбүздүн 7менчик дүкөнүбүз, андан сырткары көптөгөн бирге иштеген өнөктөштөрүз да бар. Алар биздин таттууларды дүңүнөн сатып алып, кайра өздөрү сатышат. Ош шаарында Глобус, Фрунзе маркеттеринде товарларыбыз сатылат. Рынокко таркатпайбыз.

- Жумушчлуарды өзүңөр окутасыңарбы, же даяр адистерди аласыңарбы?

- Жумушчу маселеси өтө орчундуу бүгүнкү күндө. Себеби, атайын окууну бүткөн адистер жок бизде. Бардыгы эч нерсени билбей келип, ушул жактан үйрөнгөн шыктуулар. Аларга тортту, бышырыктардын түрлөрүн, түрдүү ширин токочторду жасоонун усулу боюнча атайын окуулар өткөрүлөт. Жыл сайын өзүбүздө көп жылдан бери иштеген жумушчуларды Бишкектен окутуп келебиз жаңы технологияларга. Бул заман талабы. Жумушчулардан аялдар 80 пайызын түзөт. Иштегендердин орто жашы 18 жаштан 45 жашка чейинкилер. Оор шартта жашагандарга материалдык жардамдарды көрсөтөбүз.  

- Бул үй-бүлөлүк бизнеспи?

- Ооба, бул үй-бүлөлүк бизнес. Балдарым азыр кичине, жолдошум башка тармакта иштейт. Бир туугандарым ушул багытта Ошто, Кызыл-Кыя шаарларында өз алдынча иш алып барышат. Алар чыгарган продукциялардын идеясы жана технологиясы бир. Бирок, алардын эсептери-кирешеси өз алдынча. Бул продукция 48 сааттык гана мөөнөткө сакталат. Ошондуктан башка алыскы региондорго жеткирүү ыңгайсыз болот, бузулуп кетет.

- Жергиликтүү бюджетке канча салык төктүңүздөр?

- Жергиликтүү бюджетке сатуудан түшкөн 3 пайызын төлөп турабыз. Андан сырткары, бизде подоходный, соцфонддун салыктары бар. Биз Жалал-Абад шаары боюнча кичи ишканалардын бири болуп эсептелебиз. Кичи кондитердик тармакта иштеген ишканалардан жападан жалгыз биздин гана ишкана НДС салыгын төлөшөт. Бул деген 12 пайыз төлөнөт. Себеби биз импорт менен иштеген үчүн өзүбүз каалообуз менен ушул салыкка өткөнбүз. Буга көп жыл болуп калды. Ошондо биз орто эсеп менен бардык салыктарды кошкондо айына 150-160 миң сом төлөйбүз. Жергиликтүү бюджетке 20 миң сом төлөнсө, НДС, подоход ушулардын баарын кошкондо ошого барып калат. Ошондо бардык салыктарды кошкондо жылына 2 миллион сомго жакын мамлекетке салык төгүп турабыз.

-Ишкерликти баштайм деген айымдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Мына биздин ишти баштаганыбызга 15 жыл болду. Бул абдан чоң мөөнөт. Бул аралыкта өлкөбүздө эки жолу ыңкылап болуп кетти. Ар бир ишти баштайм деген айымдарга биринчиден айтаарым, элдин керегине жараган иштерди гана бүтүрүш керек да. Ар бир ишкер акчаны көздөп эмес, жергиликтүү калктын көйгөйүн карап иш баштаса, ошондо өзүнө да пайда болот. Элде бир сөз бар: “Бат жеткиң келсе жалгыз жүр, көпкө чейин калгың келсе команда менен иште”.- деген. Ушул сыңары, бизде 10-15 жылдан бери иштеген кызматкерлерибиз бар. Бул деген өтө стабилдүүлүк болуп саналат. Мурун Союз маалында окууну бүтүп келгенден кийин бир кабинетке отурсаң, пенсияга ошол жерден эле чыгып кетет болчу. Мындай стабилдүүлүк азыр жокко эсе десек да болот. Рынок өзгөрдү, ага жараша шарттар да өзгөрүп жатат. Ошондуктан азыр элде жок, уникалдуу нерселер менен гана рыноктон өз ордуңду таба аласын.

- Гүлжамал Адилбековна, “Сладости Багери” ишканасын мындан ары да  өркүндөтүп, өстүрүп, элибизге ак кызматыңызды өтөй бериңиз деген тилекти билдирип кетмекчибиз!

Маектешкен Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38