KELECHEK
rek

Мексика Боливиянын кызматтан кеткен президентине башпаанек берди

Мексика Боливиянын кызматтан кеткен президентине башпаанек берди

Боливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес

Боливиянын 10-ноябрда кызматтан кеткен президенти Эво Моралес Мексикадан башпаанек алып, Мехикого учуп келди. Бул тууралуу Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард «Твиттер» баракчасына жазды.

— Моралестин өмүрү коркунучта болчу, ошондуктан ага башпаанек берүү чечими кабыл алынды, — деп билдирди Эбрард. Буга чейин Моралес Мехикого оозеки жана жазуу түрүндө кайрылып, башпаанек сураган.

Моралес кызматтан кеткендигин 10-ноябрда билдирген. Мындай чечимди ал оппозициянын бул өлкөдө үч аптадан бери уланып жаткан нааразылык акцияларынан соң кабыл алган.

Моралестин аркасынан вице-президент, парламенттин эки палатасынын төрагалары, бир катар министрлер жана алардын орун басарлары, губернаторлор кызматтан кеткен. Мындан тышкары полиция Жогорку шайлоо сотунун төрагасын жана орун басарын камакка алган. Алар президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга тиешеси бар деп айыпталууда.

Бул өлкөдө массалык нааразылык 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодон соң башталган. Ал шайлоодо Эво Моралес төртүнчү жолу өлкө башчылыгына шайланганы жарыяланган. Анда Моралес 47 пайыз, анын негизги атаандашы, оппозициячыл саясатчы Карлос Меса 36 пайыз алганы кабарланган. Меса шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, ошондон кийин анын тарапкерлери көчөгө чыгышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...