KELECHEK
rek

Эмомали Рахмон тажик-өзбек чек арасындагы кол салуу үчүн күч түзүмдөрүн сындады

Эмомали Рахмон тажик-өзбек чек арасындагы кол салуу үчүн күч түзүмдөрүн сындады

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жыйынында тажик-өзбек чек арасындагы «Ишкобод» бекетиндеги кол салуунун алдын албаганы үчүн атайын кызмат менен ИИМди сынга алды.

 

«Эгерде үч-төрт террорист бир нече айдан бери кол салууга камынып жүргөнүн билбесеңер, анда эмне иш кылып жүрөсүңөр?» – деген президент.

Тажикстан президенти бардык мамлекеттик түзүмдөргө терроризм менен күрөшүүдө Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен ИИМге көмөк көрсөтүүнү тапшырып, бул алардын жумушунун бир бөлүгү экенин белгиледи.

6-ноябрга оогон түнү Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы чек ара бекетине куралдуу кол салуу болгон. Андан 15 жоочу жок кылынып, бешөө кармалган. Тажик бийлиги чабуул учурунда бир милиционер жана бир чек арачы өлтүрүлгөнүн расмий маалымдаган. Ошол эле маалда «Азаттыктын» тажик кызматы өз булактарына таянып, беш чек арачы жана бир милиционер курман болгонун жазган.

Ал эми 8-ноябрда «Ислам мамлекети» террор тобу чабуулду мойнуна алып, 10 чек арачы өлтүрүлгөнүн жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...