KELECHEK
rek

Нур-Султанда түрттүрүлө турган дачалар үчүн компенсацияны көбөйтүүнү талап кылышууда

Нур-Султанда түрттүрүлө турган дачалар үчүн компенсацияны көбөйтүүнү талап кылышууда

Нур-Султан шаарында ондогон жашоочулар акимчиликтин имаратына келип, мамлекет түрттүрө турган дачалар үчүн компенсациянын көлөмүн жогорулатууну талап кылышты.

Казак бийлиги борбор калаанын четиндеги 150дөй дачаны түрттүрүп, анын ордуна оорукана курууну пландоодо. Бирок турак-жайлардын ээлери мамлекет сунуштап жаткан компенсациянын көлөмү базар баасынан кыйла төмөн экенин билдиришүүдө.

Рауза Шакейбаева «Жашыл токой— 1» дачасында жашай турганын, үйү үчүн бийлик 9,9 миллион теңге же 25 миң доллар сунуштаганын, бирок шаарда бул баага турак-жай сатып алуу мүмкүн эмес экенин айтууда.

– Мага 17-18 миллион теңге беришсин. Болду. Андан көп сурабайм, – деди ал.

Чогулгандар менен Нур-Султан шаарынын акиминин орун басары Нурлан Нуркенов жолугуп, баа боюнча ар бир үй-бүлө менен макулдашылмайын, түрттүрүү иштери башталбай турганын айтты.

Акыркы жыйырма жылдан бери Казакстан борборунун четиндеги жеке үйлөр мамлекеттин керектөөлөрү үчүн түрттүрүлүп келет. Көп учурда турак-жай ээлери компенсациянын көлөмүнө макул болбой, сотко, мамлекеттик органдарга кайрылышат, нааразылык акцияларын өткөрүшөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53