KELECHEK
rek

Ноокен районунда 3 мектепте заманбап спорттук залдар курулуп, пайдаланууга берилди (ФОТО)

Ноокен районунда 3 мектепте заманбап спорттук залдар курулуп, пайдаланууга берилди (ФОТО)

Жакында Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен үч мектепке бардык шарттары менен заманбап спорт залдары курулуп, анын ачылыш аземи болуп өттү.

Спорт залдардын ачылыш аземине КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, райондун акими Эркин Маматаев жана жергиликтүү тургундар, мектеп мугалимдери, окуучулар катышышты.

Алгач Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Бостон айылындагы №44чү Малик Акчабаев атындагы орто мектептин спорт залынын ачылыш аземи болду. Бул мектептин спорт залынын курулушуна райондун өнүктүрүү фондунан 8 миллион 200 миң сом, айыл өкмөттөн 500 миң сом бөлүнгөн. Аталган мектепте 19 мугалим 271 окуучуга билим беришет. Спорт залдын курулушу 2018-жылдын октябрь айында башталган.

Мектеп директору Урмат Султанованын сөзүнө караганда, спорт залда бардык шарттар түзүлүп, ичинде жылуулук, жуунучу жайы, ысык суусу жана башка шарттар, спорттук жабдыктар орнотулган.

“Өлкөдөгү жөнөкөй айылдык мекптерде мындай шарт жок. Катардагы шаардык мектептерде да жок шарттар айылда түзүлүп жатканына кубанычтабыз. Мектептин курулуш да он жылдай токтоп калып, 2006-жылы спорттук залы жок эле салынып бүткөн. Ошондон бери зал курууга каржы жок табылбай келди. Буга чейин мектеп окуучулары 4 чакырым жолду басып, спорттук залга каттоо менен ийгиликтерди жаратып келишкен”, - дейт мектеп директору.

Шайдан айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Арык айылында жайгашкан №35 Суеркулов атындагы орто мектебинин спорттук залынын курулушу 2018-жылдын июль айында башталып, үстүбүздөгү жылдын август айында бүткөрүлгөн.

Спорт залдын курулушуна райондук өнүктүрүү фондунан 7 миллион 620 миң сомго жакын каражат сарпталса, 533 миң сомдон ашыгын жергиликтүү эл жыйнаган. Спорттук залды 348 окуучу, 25 мугалим жана айыл жаштары пайдаланышат.

Эски-Масы айылындагы №30 Б.Дамашов орто мектеби 1973-жылы ашар жолу менен курулган. Аталган мектеп бүгүнкү күнгө чейин спорттук залы жок иштеп келген. Мектептин спорттук залына жалпы  8 миллион сомдон ашык акча сарпталган. Анын ичинен райондук өнүктүрүү фондунан 7 миллион 714 миң сомго жакын бөлүнсө, 500 миң сомго жакыны элдин салымы богон.  

Мектепте окуган 501 окуучуга 31 мугалим билим беришет. Спорт залды мектеп окуучулары, мугалимдер жана айыл жаштары пайдаланмакчы.

- Окуучулардын да, ата-энелердин да кубанычы койнуна батпай турат. Анткени күн суук болгондо дене-тарбия сабагын класстын ичинде өтүүгө аргасыз болуп келгенбиз. Көбүнчө эле тогуз-коргоол, шахмат оюндары менен чектелип калат элек. Эми бардык шарт жаралгандан кийин грек-рим күрөшү жана башка спорт түрлөрүнөн ийримдерди уюштуруп баштадык. Жакында спорт залга, ийримдерге керектүү 280 миң сомдук жабдыктар келип түшөт, - дейт мектеп директору Медербек Бакиров.

Ноокен районунда жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ишканасынын сатуудан түшкөн 3 пайызы  райондун өнүктүрүү фондуна которулат. Ошонун эсебинен өткөн жылдан бери райондо социалдык обьектилер курулуп жаткандыгын аким Эркин Маматаев билдирди. Бир жарым жыл аралыгында райондук өнүктүрүү фондуна 120 миллион сомго жакын акча каражаты түшкөн. Ошондуктан, райондо спорттук залы жок мектептердин көйгөйлөрү чечилип, курулуштардын баары бир учурда башталып, баары окшош бүткөрүлгөн.

- Ноокен райондук өнүктүрүү фонду Өкмөттүн токтомунун негизинде 2017-жылдан баштап ишке киришкен, ага 2018-жылы 77 миллион сомдон ашык акча түшкөн. Ал эми 2019-жылдын 6 айында 41 миллион сомдон ашык акча түштү. Эки жылда жалпы 21 долбоор каралган. Райондук мамлекеттик администрация түзгөн байкоочу кеңеш тарабынан айыл жерлериндеги эң зарыл болгон долбоорлор тандалып алынып, каражаттар бөлүнүп берилген. Ошол 21 долбоордун ичинде спорттук аянтча, мектеп, бала бакча, жолдорду асфалттоо иштери, электр энергиясын жеткирүү иштери бар. Алардын сегизинин курулуш гана калды, калган 13 объект пайдаланууга берилди.

Мисалга алсак, жакынкы күндөрү 3 бала бакча пайдаланууга берилет. Убагында мектеп курулуп, бирок спорттук залы курулбай калган мектептерге спорттук зал курулду. Мындан сырткары, республикалык бюджеттен каржыланып жана демөөрчүлөрдү тартуу жолу менен да бир топ курулуш иштери жүрүп жатат. Ноокен районунда 8 айыл өкмөтү жана Кочкор-Ата шаары бар, - дейт Ноокен районунун акими Эркин Маматаев.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41