KELECHEK
rek

«Ноокен» үрөөнчүлүк айыл чарба кооперативи буудайдан эки эсе көп түшүм алууну көздөп жатышат (ФОТО)

«Ноокен» үрөөнчүлүк айыл чарба кооперативи буудайдан эки эсе көп түшүм алууну көздөп жатышат (ФОТО)

Ноокен районуна караштуу “Ноокен” үрөөнчүлүк кооперативи коңшу Өзбекстандан буудайдын “Аср” жана “Давр” сортундагы үрөөндү алып чыгып, аны себүү аракеттери ишке ашты. Быйылкы жылдын күзүндө 10 гектарга “Аср”, 10 гектар жерге “Давр” буудай үрөөнүн айдап себүүгө жетишип калышты.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик өүлдөрү “Ноокен” үрөөнчүлүк кооперативинин күздүк буудай себүү иши менен жакындан таанышып чыгышты.

Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Турдумамбет Эшиевдин берген маалыматына караганда, Өзбекстандан алып келинген буудайдын “Аср” жана “Давр” жаңы сорту мурда эгилип жүргөн буудайларга караганда, эки эсе көп түшүм берээри күтүлүүдө.

“Коңшу Өзбекстандан алынып келинген буудайдын “Аср” жана Давр” үрөөнүн буга чейин алып чыгууга аракеттенип жүргөнбүз. Мурда эгилип келген буудайлар гектарына 35-40 центнерден түшүм берсе, буудайдын бул жаңы сорту гектарына 100-120 центнерден түшүм берет. Дыйкандар азырынча гектарына 80 центнерден түшүм алабыз деп пландашууда”, - деди Т.Эшиев.

Айдап себүү иштери менен таанышуу учурунда жергиликтүү дыйкандар буга чейин көбүнчө “Краснодар” уругун үрөн катары колдонушуп, ал жердин климаттык шарты менен биздин жердики дал келбей, ойдогудай түшүм бербей жаткандыгын айтышты. Эми бул “Аср” жана “Давр” бизден 10 километр алыстыктагы коңшу Өзбекстандан келип отурат. Алар менен биздин жер кыртышыбыз бирдей экендигин дыйкандар баса белгилешти.

“Өлкө боюнча мындай ири түшүмдүү буудай түрү биринчи жолу Ноокен районунда эгилип жатат. Ал эми быйылкы жылы Ноокен районунда 28 тонна пахта буласы жыйналды. Баасы өткөн жылга салыштырмалуу 5-6 сомго арзан болууда”, - дейт Т.Эшиев.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41