KELECHEK

Economist.kg: депутат Жумалиев 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес

Economist.kg: депутат Жумалиев 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы министр Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандын аймагында катталган 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес.

Economist.kg басылмасы жана «Декларатор» долбоору депутаттын мүлкү тууралуу тапшырган декларациясы менен ачык булактарды салыштырып көргөн. Ачык булактарда Жумалиев айрым фирмалардын жетекчиси экени көрсөтүлгөн. Муну менен ал депутаттын ишмердүүлүгү жөнүндө («Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө») негизги мыйзамды бузганы белгиленет. Мыйзам боюнча ЖК депутаты болуп турган адам ишкерлик менен алектенип, жетектөөчү органдарда же коммерциялык уюмдардын байкоочу кеңеши болуп иштей албайт.

Мындан сырткары Жумалиев 2015-2016-жылдар үчүн гана декларация тапшырган. 2017-жылдагы декларациясынын жоктугу да мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Юстиция министрлигиндеги жана OsOO.kg сервисиндеги ачык базалардагы маалыматтарга караганда, депутат өлкө аймагында каттоодон өткөн 33 фирманы негиздегендердин бири, айрымдарында жетекчи катары эсептелет.

Кубанычбек Жумалиев 1990-жылдардан тартып жогорку кызматтарда иштеп келет. 33 ишкананын 11ин ал мамлекеттик кызматтарда иштеп турган жылдары ачкан. Алардын сегизи депутаттык учуруна туура келет. Фирмалардын көбү билим берүү, курулуш тармагында иштейт. 2016-жылы Жумалиев өзүнүн атындагы Физика-математикалык мектеп-лицейин ачкан.

Кубанычбек Жумалиевдин өзүнүн пикирин алууга мүмкүн боло элек. «Азаттык» анын өзүнө да микрофон сунууга даяр.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусиянын жаңы премьер-министри Мишустиндин үй-бүлөсүнүн...

Орусиянын жаңы премьер-министри Мишустиндин үй-бүлөсүнүн...

Михаил Мишустин

Орусиянын жаңы дайындалган премьер-министри Михаил Мишустиндин үй-бүлөсү...

Исмаилов «Азаттык» радиосунун борбор азиялык программаларынын...

Исмаилов «Азаттык» радиосунун борбор азиялык программаларынын...

Белгилүү өзбек жазуучусу жана журналист Хамид Исмаилов «Эркин Европа/Азаттык радиосунун»...

Иранда украин учагы эки ракета менен атып түшүрүлгөн

Иранда украин учагы эки ракета менен атып түшүрүлгөн

8-январь күнү эртең менен Тегеран аэропортунан көтөрүлгөн Украинанын «Боинг» учагын көздөй эки...

Өзбекстанда журналисттердин ишине тоскоолдук кылгандарга $100 чейин...

Өзбекстанда журналисттердин ишине тоскоолдук кылгандарга $100 чейин...

Өзбекстанда Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин журналисттик ишмердүүлүккө...

OCCRP: Эмомали Рахмондун туугандары өлкөдөгү бир нече курортко ээлик...

OCCRP: Эмомали Рахмондун туугандары өлкөдөгү бир нече курортко ээлик...

Эмомали Рахмон жубайы менен. «Сафед-Дара» тоо-лыжа базасы, 2016-жыл

Тажикстандын президенти...

Ашхабадда пенсионерлер тирүү экенин тастыктоо үчүн кезекке турушууда

Ашхабадда пенсионерлер тирүү экенин тастыктоо үчүн кезекке турушууда

Ашхабаддык пенсионерлер тирүү экендигин тастыктоо үчүн узун кезекке турууга мажбур болушууда....

Ташкенте «Абу Сахий» базары текшерилип жатат

Ташкенте «Абу Сахий» базары текшерилип жатат

5-январдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдары «Абу Сахийдин» «Ташкент соода борбору»...