KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору С. Аль-Худайри менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору С. Аль-Худайри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-декабрда, Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында, Сауд Өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору, Директорлор кеңешинин төрага орун басары Халид С. Аль-Худайри менен жолугушту.

Мамлекет башчысы кызматташтык үчүн Фондго ыраазычылык билдирип, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, облустардагы автожолдорду реконструкциялоо тармактарында жардамын жогору баалаганын белгиледи.

Мындан тышкары, өлкөнүн региондорунда чакан жана орто ишканаларга жардам берүү боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууга Фонддун көңүлүн бурду.

Сауд Өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору, Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Халид С. Аль-Худайри өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан ары жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, Фонд тараптардын Кыргыз-Сауд экономикалык кызматташтык фондун түзүү ниетин колдоорун жана долбоордун алкагында катышууга даяр экенин белгиледи.

Халид С. Аль-Худайри Сауд Өнүктүрүү Фонду Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгаруу аракеттерин мындан ары дагы уланта турганына ишендирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38