KELECHEK
rek

Өзбекстанда парламентке беш партия өттү

Өзбекстанда парламентке беш партия өттү

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, парламентте ири фракцияны Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы түзөт.

— Азырынча 150 округдун 128инде шайланган депутаттар белгилүү. 43 орун Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясына, 35 орун «Улуттук кайра жаралуу» партиясына, 21 орун «Адилет» социал-демократиялык партиясына, 18 орун Элдик-демократиялык партияга жана 11 орун Өзбекстандын экологиялык партиясына тийди, — деп билдирди БШКнын жетекчиси Мирзо-Улугбек Абдусаломов.

Көз карандысыз эксперттер парламентке өткөн беш партия тең негизги маселелер боюнча президент Шавкат Мирзиёевди колдой тургандыктарын билдиришүүдө.

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын 70% же 18 797 810 адам катышты.

ЕККУнун байкоочулары бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден берки алгачкы парламенттик шайлоо атаандаштык негизде өткөнүн билдиришти. — Биз Өзбекстан реформа жолуна түшкөнүн жана шайлоонун чыныгы атаандаштыкта өткөнүн көрдүк. Ошол эле маалда шайлоо өнөктүгүнүн эрежелери баары бир чектелүү болду, — деди уюмдун Өзбекстандагы байкоочуларынын жетекчиси Георгий Церетели.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) менен Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) байкоочулары добуш берүүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун билдиришти. Алар шайлоо ачык, мыйзамга жана эл аралык нормаларга ылайык өткөнүн белгилешти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24