KELECHEK
rek

Иран: Кулаган учактагы 167 кишинин баары мерт болду

Иран: Кулаган учактагы 167 кишинин баары мерт болду

8-январь күнү эртең менен кеминде 167 жүргүнчүсү жана тогуз экипаж мүчөсү бар украиналык коммерциялык учак Тегерандагы имам Хомейни атындагы аэропорттон учуп чыккандан көп өтпөй кулап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, учактын ичиндеги адамдардын бардыгы мерт болду. Кырсыктын болжолдуу себеби катары техникалык мүчүлүштүктөр айтылууда.

Ирандын IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги учакта 167 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгонун билдирди. Учактардын учуусуна көз салган Planespotters сайтынын маалыматына караганда, учактын пайдаланыла баштаганына төрт жылга жете элек болчу.

Ирандын жарандык авиация уюмунун расмий өкүлү Реза Жафарзаде «Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык Боинг 737-800 учагы кулап түшкөн жерде куткаруучулар тобу иштеп жатканын билдирди.

«Украинанын эл аралык аба жолдорунун» сайтындагы маалыматка ылайык, Тегеран — Киев багытындагы PS752 каттамы жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 5:15те учкан. Азырынча бул боюнча компаниядан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...