KELECHEK
rek

Тажикстанда балдар сүннөткө отургузуу алдында ВИЧ илдетин аныктоо тестинен өткөрүлөт

Тажикстанда балдар сүннөткө отургузуу алдында ВИЧ илдетин аныктоо тестинен өткөрүлөт

Тажикстан Саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо министрлиги балдарды сүннөткө отургузуу алдында ВИЧ илдетинин бар-жогун текшерүүгө тапшырма берди.

«Сүннөткө отургузуу алдында милдеттүү түрдө экспресс-тесттен өткөрүү ВИЧ-инфекциясына кабылган балдарды аныктоого жардам берет. Текшерүү бекер жүргүзүлөт», – деди министрликтин кызматкерлеринин бири.

Тажикстанда былтыр февралда балдарды милдеттүү түрдө сүннөткө отургузуу боюнча жапырт кампания башталган. Шаардагы бейтапканаларда бул үчүн атайын бөлмөлөр ачылган.

Ага чейин балдарды сүннөткө отургузуу жөрөлгөсү көбүнчө үй шартында жасалып келген. 2017-жылы Тажикстан президенти Эмомали Рахмон балдарды ар түрдүү жугуштуу илдеттерден, анын ичинде ВИЧтен сактоо үчүн операция медициналык мекемелерде гана жүргүзүлүшү зарыл экенин билдирген.

Расмий маалыматка караганда, акыркы жылы Тажикстанда 130 бөбөк ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган. Учурда өлкөдө 800дөй бала бул илдет менен жашайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38