KELECHEK
rek

Абхазияда оппозиция президенттин имаратын басып алды

Абхазияда оппозиция президенттин имаратын басып алды

Өзүн республика катары жарыялап алган Абхазияда бейшембиде оппозиция өкүлдөрү баштаган митинг катышуучулары президент администрациясынын имаратын басып алышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Сухумидеги администрациянын имаратында жүздөгөн киши чогулган. Алар имараттын эшик-терезелерин талакалап киришкен. Демонстранттарга аз гана сандагы күзөт кызматкерлери каршылык көрсөткөн.

Абхазияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы сентябрда өткөн. Расмий түрдө өлкөнүн азыркы президенти Рауль Хажимба жеңишке жеткен. БШКнын маалымат боюнча ал 47,3 пайыз добуш топтогон. Анын атаандашы Алхас Квиниция шайлоочулардын 46,1 пайыз добушун алган.

Квициниянын штабы Хажимбанын жеңишин тааныбай турганын, добуштарды кайра саноону талап кыларын билдирген. Бирок сот арызды четке каккан. 9-январда жикчил Абхазиянын Жогорку соту бул чечимди кароо мөөнөтүн жылдырган.

Президенттин администрациясынын имаратынын алдына чогулган митингчилер Рауль Хажимбанын отставкасын талап кылышты. Демонстранттардын бир бөлүгү парламенттин имаратында. Алар “депутаттар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат” деп күтүп жатышат.

"Интерфакс" маалымдагандай, бийлик бул окуяны мамлекеттик төңкөрүш аракети катары сыпаттады. Хажимба Сухумиде экенин жана өз милдеттерин аткарып жатканын, эч кайда качпай турганын билдирди.

Мындан 11 жыл мурун, 8-августта Грузия менен Орусиянын ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Беш күнгө созулган жаңжалда 412 грузин жараны, Орусиянын 67 аскер кызматкери ажал тапкан. Жаңжалдын соңунда Москва Түштүк Осетия менен Абхазияны өз алдынча мамлекет катары тааныган. БУУнун мүчөлөрүнүн көбү Абхазияны Грузиянын бир бөлүгү деп эсептейт. Тбилиси республикадагы шайлоону тааныган жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...