KELECHEK
rek

Абышкаев Максатбек: «Жалал-Абад» санаториясына келип, эс алганча дарыланып кетиңиздер! (ФОТО)

Абышкаев Максатбек: «Жалал-Абад» санаториясына келип, эс алганча дарыланып кетиңиздер! (ФОТО)

“Жалал-Абад” санаториясы Кыргызстандын түштүгүндө, Жалал-Абад шаарынан 5 км  алыстыкта жана деңиз деңгээлинен 975 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү калк минералдык булактардын дарылык касиеттери жөнүндө 10-кылымдарда эле билишкен. 1886-жылы Ташкент табият сыноочулар коому жана дарыгерлер Жалал-Абад суусун дары суу деп таанышкан.

Бир кылымдан ашык тарыхы бар «Жалал-Абад» санаториясы акыркы мезгилдерде өнүгүү жолунда бара жатыптыр. Мындан 8 жыл мурун жетекчилик орун талашка түшүп, коллектив да бөлүнүп-жарылып, чырлар токтобой келди эле. «Жалал-Абад» санаториясынын директору Абышкаев Максатбек Динадиловичти Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө маекке тартып, азыркы учурда аткарып жаткан иштери боюнча бир нече суроолорубузга жоопторду алдык.

- Максатбек Динадилович, айтсаңыз «Жалал-Абад» санаториясында мындан 8 жыл мурун жетекчилик орун талашка түшүп, коллектив да бөлүнүп-жарылып, чырлар токтобой келди эле. Мына ушундай оор кырдаалды кантип жөнгө сала  алдыңыздар?

- Мен, 2012-жылы жетекчи болуп келгемин. Ошол учурда биринчиден,  атмосфера аябай эле жаман акыбалда болчу. Коллектив өзү 3-4кө бөлүнүп, эки директордун талашы телевизордун эфиринен түшпөй, санаториянын акыбалы абдан оор, жабылуу учурунда турган экен. Кандайча дегенде, суу булактары көчүп түшүп, санэпидстанция тарабынан жабылуу жагында болгон. Андан сырткары, жатаканалардын ошол мезгилдеги талаптарга жооп бербегендиги, карыз болуп айлык маяналарын өз  убагында бере албагандыгы, бир кыйла кемчиликтер болгон.

Аны биз ордуна коюп, түзөп коюу оңойчулукка турган жок. Биз коррупциялык элементтерди оңдогон сайын мурдагы жетекчилер тарабынан ар кандай бут тосуулар болуп, улам-улам арыздарды жазуу менен бизге түркүн тоскоолдуктарды жаратып жатышты. Ушундай талаш-тартыштан улам иш жүрбөй, киреше алып келбей калган экен. Эл деле жайында сезон учурунда эле келип, калган учурда келбей калган. Мына ушундай оор учурду башыбыздан өткөрдүк.

Бүгүнкү күндө кудайга шүгүр, азыркы учурда коллектив биримдикте, кирешелерибиз жакшы деңгээлде көтөрүлүп, оңдоп-түзөө иштери боюнча чынында бардык жерге колубуз тийди, оңдодук. Азыркы учурда санатория аймагында 3 кабаттуу эки(катеж) имарат курулууда. Мындан сырткары, өткөн жылы 60 орундуу чакан имарат (домик) курулуп бүткөрүлдү. Ошентип жаңы 100дөн ашык орундук пайдаланууга берилет. Бул бизге жакшы киреше алып келет. Биз оңдоп түзөбөсөк, ал орундун деле жарымы калмак. Жаңысын киргизсек, эскилери чыгып жатат. Бассейндерин, эмерек-төшөнүчтөрүнөн бери баарын жаңыладык. Келечекте дагы орундуктарды көбөйтүү боюнча иш-пландарыбыз бар. Мурунку союз убагынан бери каралбай келген эски имараттарды оңдоп-түзөтүү, калыбына келтирип, кайрадан жаңылоо иштерине да көңүл бөлүнүп жатат.

- Санаторияга жылына канча эс алуучу келет?

- “Жалал-Абад” санаториясына жылына 9-10 миңге жакын адам келип, дарыланып кетишет. Кыргызстандан сырткары да Орусия жана башка кошуна мамлекеттерден: Тажикстан, Өзбекстандан эс алуучулар келип жатышат. Учурда эс алуу жайыбызда 300дөн ашык орундуктарыбыз бар. Жаңы аппаратарды да алып жатабыз. Ага да жылда акча бөлөбүз. Мурда 20га жакын процедуралар болсо, азыр 50гө жакын кошумча процедуралар болуп жатат. Ал эми биздин санатория бир кездери союздук деңгээлдеги курорт эле да. Мурунку учурда Союздан жана башка чет мамлекеттерден да келип эс алып кетишчү. Биз ошондой деңгээлге чыгууга аракет жасап жатабыз. Ошону менен катар эс алуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аракеттери да көрүлүүдө.

- Коллективде канча адам эмгектенет?

- Жалпы коллектив 175 штатта отургандары болсо, андан сырктары штаттан сырткаркы болуп 200гө жакын адам эмгектенет. Алардын ичинен 5-6 дарыгерлер, 20дан ашык медайымдар бар. Калгандары ашканада иштегендер, техникалык кызматкерлер. Санатория өзүн-өзү каржылоо менен, мамлекетке салым кошуп, өткөн жылы 20 миллион сомдон ашык киреше менен чыктык. Орточо маяналары 10 миң сомдун тегерегинде болуп, эмгек эргүүгө чыгууда эки оклад айлык маянасын алып жатышат. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ичинде Ысык-Көлдөгү, Оштогу эс алуучу санаторияларына салыштырып караганда алдыңкы орунда бара жатабыз.  

- “Жалал-Абад” санаториясында кандай ооруларды дарылайт?

- Азыркы учурда санатория адистешкен климаттык-бальнобаткактык жана ичүүчү жай болуп эсептелет. Негизинен, анда ашказан, ичеги-карын, сөөк-булчуң, бөйрөк, заара чыгаруу жолдору, аялдардын жатын, табарсык, тери жана аллергия оорулары менен жапа чеккендер дарыланышат.

“Жалал-Абад” санаториясынын территориясы 40 гектарды ээлейт. Санаториянын бардык корпустары парк аймагында жайгашып, бак-дарактар жана гүлдөр менен курчалган. Жашыл отургузулмалар карагайдан, мырза теректен, эменден, жаңгак дарагынан, ак акациядан, зараңдан, каштан дарагынан, туй, платана жана арча жана башкадан турат.

Санаториянын башкы дарылык фактору катары термалдык (жер алдынан +18 цельсиядан +44 С чейин жылуулуктагы), күчсүз жана күчтүү минералдашкан, атом менен газдалган гидрокарбонаттык-сульфаттык жана натрийлүү-кальцийлүү суулары, 6 пайыздуу кальций карбонатына ээ болгон кальций-магнезиалдык скелеттүү торфо-изолдуу ылайлары эсептелинет.

Минералдык суулардын курамы сульфаттан, хлоридден, натрийден, калийден, кальцийден, азоттон, кычкылтектен турат, аны ичүүгө, дары ванналарын алууга жана ошондой эле дары ылайларын даярдоо үчүн да колдонушат.

“Жалал-Абад” санаториясында төмөнкү дарттар менен ооругандар дарыланат: өнөкөт ашказан оорусу, холецистит, гепатит, панкреатит, гастродуоденит, ичеги-карын жара оорулары, рубцевания этабындагы 12 эли ичеги, өнөкөт пиелонефрит, өнөкөт ич катуу, аялдардын жатын оорусу, бөйрөк, перифериялык нерв

системаларынын оорулары (остеохондроз, радикулит, неврит, невралгия, НЦЦ, ВСД, чарчоо синдрому), тиш бүйлөлөрүн дарылоо (ооз көңдөйлөрүн минерал суулар менен чайкоо, ылай чаптоо), сөөк жана сустав оорулары (артрит, полиартрит), тери оорулары (аллергиялык оорулар, экзема, псориаз, дерматит).

- Кандай ыкмалар менен дарылоо жүргүзүлөт?

- Санаторияда толук кандуу дарылоо үчүн көптөгөн бөлүмдөр жана кааналар жайгашкан, алар төмөнкүлөр: минералдык ванна бөлүмү, жалпы жана гальвано-ылай бөлүмү, физиотерапевтикалык бөлүм, ичеги бөлүмү, бөйрөк жана жатын бөлүмү, дене тарбия бөлүмү, электрофорез, гальванизация, парафин менен дарылоо,

укалоо кааналары: кол жана суу менен укалоо, ийне саюу менен дарылоо каанасы, тиш дарылоочу каана, косметикалык каана, галотерапия каанасы (туздуу шахта), минерал суулуу бассейн, фитобар.

Мындан сырткары, санаториянын клиникалык лабораториялары бар (анда кандын жалпы анализи, сийдиктин жалпы анализи, кандагы канттын өлчөмү жана простатанын суюктугу, УГИде суюктук алуу ж.б.у.с. аныкталат), андан сырткары УЗИ жана ЭКГ кааналары иштейт.

Оорулуунун комплекстүү дарылануусуна балчык жана суу менен дарылоо менен бирге климаттык дарылоо, парафин менен дарылоо, электр нуру менен дарылоо, фитотерапия, функционалдык терапия, диетотерапия жана санаториялык-курорттук режим кирет.

- Маданий иш-чараларга да шарттар түзүлгөнбү?

- Санаторияда бардык конференцияларды жана семинарларды (көп сандагы делегацияларды батыра алуу менен мүмкүнчүлүгү бар) өткөрүүгө болот. Коноктор бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган эки заманбап конференц-залга жана өзүнчө 120 орундуу жайы бар банкетке жайгаштырылат.

Санаториянын бардык аймагы: дарылоо корпустары, уктоочу корпустар жана ашканалар тез ылдамдыктагы интернетке туташтырылган. Банкоматтар жана төлөм терминалдары коюлган.

- Жаңы жылда элге кандай  каалоо-тилек билдирет элеңиз?

- Жаңы жылда Кыргызстандын жалпы элине жакшылык, тынччылык, токчулук, молчулук, ынтымак  каалайм. Ошондой эле, бардык мекендештерибизди “Жалал-Абад” санаториясына чакырабыз! Бизге келип, эс алганча дарыланып кетиңиздер! Биздин дарек: Жалал-Абад шаары, Курортный ключ көчөсү №4.

Каттоо: +996 (770) 552080
Кабылдамада: +996 (3722) 23055 (факс)
Директор: +996 (771) 210909
Whatsapp: +996 (772) 003232

- Максатбек Динадилович, кызыктуу маегиңиз үчүн чооң рахмат! Ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

Маектешкен Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38