KELECHEK
rek

Иранда өкмөткө каршы акциялар уланууда

Иранда өкмөткө каршы акциялар уланууда

Студенттердин Тегерандагы акциясы. 11-январь 2020-жыл

Жекшемби күнү Ирандын баш калаасы Тегеран шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциялар уланды. Көчөгө чыккандардын негизги талабы — украиналык «Боинг» учагын атып түшүрүүгө күнөөлүү адамдарды жазалоо.

Күбөлөрдүн айтымында, 12-январдагы акцияга ишемби күндөгүгө караганда кыйла аз адам катышты. «Твиттер» социалдык түйүнүнүн колдонуучулары Шахид Бехешти жана Аллам Табатабаи атындагы университеттердин алдында өткөн акциялардын видеосу менен сүрөттөрүн жайгаштырышууда.

Иранда нааразылык акциялар расмий Тегеран өз аймагында кулаган украиналык учакты капысынан атып түшүргөнүн мойнуна алгандан кийин башталган.

Алгач Ирандын бийлиги бортунда 176 киши бар украиналык «Боингдин» кулашын техникалык мүчүлүштүктөр менен түшүндүрүп жаткан. Бирок 11-январда Тегеран учакты «адамдын жаңылыштыгынан» улам өлкөдөгү Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери атып алганын моюнга алган. Ошол эле күнү Тегеранда акцияга чыккан айрым адамдар АКШнын соккусунан набыт болгон таасирдүү генерал Касем Сулейманинин сүрөтүн айрышкан.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасы аркылуу нааразылык акциянын катышуучуларын колдоп, иран бийлигин аларга карата күч колдонбоого чакырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52