KELECHEK
rek

Кыргыз Республикасынын финансы институттары аймактардагы долбоорлорду каржылоону көбөйттү

Кыргыз Республикасынын финансы институттары аймактардагы долбоорлорду каржылоону көбөйттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевди, «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевди, «Кепилдик фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакировду жана «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн финансы институттарынын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары катары кайра иштетүү, тигүү-текстиль жана туризм тармагын колдоо жана ошондой эле кичи энергетика долбоорлору менен соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү атады. Кайра иштетүү өнөр жайы тармагын, анын ичинде айыл жергесинде негизги сырье болгон эт, сүт, жүн жана терини кайра иштетүүнү баса белгиледи.

Президент аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында негизги басым экспортко багытталган ишканаларды колдоого жасалышы керектигин айтты.

«Экспорттук дараметти өстүрүү, аталган багыттарды колдоо аймактарда жаңы жумушчу орундарынын түзүүгө, ички миграцияны төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Сиздердин жер-жерлердеги долбоорлорду ишке ашырууда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестен, жеңилдетилген насыяларга муктаж ишкерлерге колдоо көрсөтүү маанилүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өлкөнүн финансылык институттарынын жетекчилери 2019-жылдын ичинде долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана жеңилдетилген насыялардын берилиши жөнүндө маалымат беришти.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Фонд тарабынан 77,5 млн долларга 724 долбоор жактырылганын билдирди.

2018-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 80%га өскөн. Колдоого ээ болгон долбоорлордун жалпысынан 88%ы өлкөнүн аймактарына туура келди.

«Айыл Банк» ААК тарабынан 2019-жылы 12 млрд сомго 53957 насыя берилген. Алардын ичинен 10,1 млрд сом же 84%ы аймактардагы долбоорлорду каржылоого багытталган. Аймактарды каржылоо 2018-жылга салыштырмалуу 9%га өскөн.

«РСК Банк» ААК 2019-жылы жалпы суммасы 8,4 млрд сомго 10335 насыя берген. Өлкөнүн аймактарында берилген насыялардын үлүшү көбөйүп, 5,5 млрд сомду же насыялардын жалпы көлөмүнүн 66%ын түзгөн.

Ошондой эле 2019-жылы «Кепилдик фонд» тарабынан 921 млн сомго 946 кепилдик берилген. Бул 2018-жылдын көрсөткүчтөрүнөн эки эсеге көп болуп, кепилдик суммалардын өсүшү 82%ды түзүп, аймактык каржылоо үлүшү 66%га өскөн.

Өлкөнүн финансы институттарынын жетекчилери каржылоонун көп бөлүгү айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарына багытталганын билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы дагы финансы институттарынын ишмердиги аймактарды өнүктүрүүнү жакшыртууга багытталышы керектигин өзгөчө белгиледи.

Облустарда насыялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун маанисине, алыскы жана чек арага жакын долбоорлорду каржылоону күчөтүү зарылдыгына көңүл буруп, банк кызматтарын санариптештирүү боюнча иштерди улантууга чакырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38