KELECHEK
rek

Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды

Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча өткөн кезектеги соттук процесстен кийин адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, 14-январдагы отурумда сот адвокаттардын эки өтүнүчүн карады.

— Алгачкысы прокурорлордун бирөөсүн алмаштыруу өтүнүчү. Анткени ал бул иш боюнча тергөөгө катышкан. Мыйзам боюнча мындай учурда прокурор алмаштырылышы керек. Бирок судья бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок. Экинчиден айыпталуучулардын бөгөт чарасы каралып, Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды, — деди Жоошев.

Ал мурдагы президенттин жактоочулары Атамбаевдин кармалышын мыйзамсыз, ал эми ага карата айтылган айыптоолорду негизсиз деп эсептей тургандыктарын кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Сөз болуп жаткан иш боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53