KELECHEK
rek

Журналист Сартбаев Аскер прокуратурасында беш саат сурак берип чыкты

Журналист Сартбаев Аскер прокуратурасында беш саат сурак берип чыкты

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев 15-январда Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берип чыкты.

Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып тергөөнүн купуялуугун ачыкка чыгарбоо боюнча кол коюп бергенин билдирип, кайсыл иш боюнча суралганын ачык айткан жок. Бирок сурак «Азия Ньюс» гезитине чыккан материалга байланыштуу болгонун кошумчалады.

- Бул журналисттик ишмердикке байланыштуу болду. Беш саат сурак мени кыжаалат кылып, моралдык, психологиялык кысым болду, - деди Сартбаев.

«Азия Ньюс» гезитине макалалары жарыяланып келаткан журналист Динар Турдугулова Асланбек Сартбаев гезитке вице-премьер-министр Жеңиш Разаков боюнча чыккан макалага байланыштуу суракка чакырылганын, бул материалга байланыштуу тергөөчү телефондон аны да суракка чакырганын жарыялаган.

Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган.

Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялаган.

Гезиттин редактору Асланбек Сартбаев түшүнүк кат гезиттин ишенимдүү булактарынан алынганын билдирген.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу «ар-намысыма шек келтирди» деп кадыр-баркын коргош үчүн гезитти былтыр август айында 10 млн. сомго сотко берип, 1 млн. сомго утуп алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53