KELECHEK
rek

Путин премьер-министрликке Салык кызматынын башчысын көрсөттү

Путин премьер-министрликке Салык кызматынын башчысын көрсөттү

Михаил Мишустин

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт башчылыгына Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөттү.

53 жаштагы Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектейт. Буга чейин ал инвестициялык бизнесте жана өкмөттө иштеген.

2014-жылы Forbes журналы анын аялын 160 миллион рубль жылдык кирешеси менен аткаминерлердин эң бай жубайлары рейтингине киргизген.

Мишустин Түнкү хоккей лигасында ойнойт. Спорттун бул түрүнө Орусиянын президенти да кызыгары белгилүү.

Орусия өкмөтү 15-январь күнү кечинде отставкага кеткен. Андан бир нече саат мурун Владимир Путин Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуусун жасап, Конституцияны өзгөртүүнү сунуштаган. Ал президенттин айрым ыйгарым укуктарын парламентке жана Мамлекеттик кеңешке өткөрүп берүү зарылдыгын айткан.

Орус өкмөтүнүн азыркы курамы 2018-жылы түзүлгөн. Медведев өкмөттү 2012-жылдан бери жетектеп келген. Ал 2008-2012-жылдары президенттик кызматты аркалаган, анда өкмөттү Путин башкарган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52