KELECHEK
rek

Ташкенте «Абу Сахий» базары текшерилип жатат

Ташкенте «Абу Сахий» базары текшерилип жатат

5-январдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдары «Абу Сахийдин» «Ташкент соода борбору» деген ат менен расмий катталган базарын текшерип жатышат.

Маалыматты ошол эле базар жетекчилеринин бири «Азаттыктын» өзбек кызматына өзү ырастаган. Ал текшерүүлөрдү Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөш департаменти көзөмөлдөп жатат.

Ташкент шаардык прокуратурасынын атын атагысы келбеген кызматкери да элге «Абу Сахий» деген ат менен таанылган «Ташкент соода борбору» ар тараптан текшерилип жатканы тууралуу маалыматты тактаган.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы «Абу Сахий» базары боюнча прокуратурага сурак берген соодагерлер менен байланыша алды. Эки соодагер тең «Абу Сахийдин» жетекчилерине мындан үч жыл мурда козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары сурак беришкенин ырасташты.

Алардын бири - «Абу Сахий» базарында 2014-жылга чейин соода кылган Динара Латипова. Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери андан «Абу Сахий» базарына чет өлкөнүн товарларын кантип ташып келгенин сурашкан.

– Тергөөчүлөр менин ишкер катары укугумду базар жетекчилери тепсегенин түшүндүргөнгө аракет кылышты. Аткезчилик схемасынын курмандыгы болгонумду айтышты. Бирок «Абу Сахий» карго кызматы ачылгандан кийин бизге окшогон соодагерлердин иши жеңилдеген да.

Динара Латипова Ташкент шаарынын прокурорунун орун басары А.Пулатовдун колу коюлган кагазды көрсөттү.

Кагазда «Ташкент соода борбору», «Мирабад дыйкан базары» жана башка бир нече субъектинин жетекчилерине карата «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген берене боюнча кылмыш иши козголгону жазылган. Бирок бир да шектүүнүн аты аталган эмес.

Белгилей кетсек, «Абу Сахий» базары 2017-жылга чейин маркум президент Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримованын күйөөсү Тимур Тилляевге караштуу болчу.

Бул тууралуу «Азаттыктын» кыргыз кызматы, «Kloop» басылмасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) биргелешип, 21-ноябрда жарыялаган иликтөөдө да айтылган.

2018-жылы өлкөнүн «Ахборот 24» жана «Узбекистан 24» телеканалдарында «Абу Сахий» дүң соода базарынан 53,5 миллион доллар казынага төлөнбөй чет өлкөгө чыгарылып кеткени маалымдалган. Кийинчерек бийлик базарды кайра түзгөн соң мамлекетке түшкөн төлөмдөр көбөйгөнүн кабарлашкан.

Учурда расмий документтерде «Абу Сахий» базарынын директору катары Акмал Хусаинов деген жаран катталган. Мурдараак маалымат каражаттарында базардын чыныгы кожоюну чет өлкөлүк жаран экени жазылган. Бирок анын аты, ал ээлик кылган менчиктин түрү ачылбаган бойдон калып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...