KELECHEK
rek

Кумтөр кенинде ишти улантууга уруксат берилди

Кумтөр кенинде ишти улантууга уруксат берилди

«Кумтөр Голд» компаниясы тоо-өндүрүш иштерин улантууга уруксат алды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Тоо-металлургия кесиптик кошуундарынын борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Тажибаевдин айтымында, ишкана 2020-жылга Кумтөр кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты.

Кен чыга турган №3 жайдагы авариядан кийин бош тоотек эми «Чоң-Сары-Төр» жана «Кичи-Сары-Төр» тилкелерине төгүлмөй болду.

- Учурда компания тоо-өндүрүш иштерин кайра улантууга даярдык көрүп жатат. Жумушсуз отурган 500 адам кезмет боюнча ишке киреше баштайт, - деди Тажибаев.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Аларды издөө 9-январда токтотулду.

Ушул окуяга жана иштөөгө уруксат жоктугуна байланыштуу быйыл 3-январда кен чыгуучу жерде иш расмий түрдө убактылуу токтотулган болчу.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38