KELECHEK
rek

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду

Кыргыз-кытай чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айтты.

- 23-январдан баштап Кытай менен каттамдардын баары токтоду. Өзгөчө «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринде бардык кыймыл-аракеттер токтоду. Билесиздер, Кытай Жаңы жылга байланыштуу дайыма ушул маалда чектөө киргизет. Бирок биз ал чектөөнү дагы күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, өндүрүм ташып келүү да токтоду.

Буга чейин Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы да 23-январдан 1-февралга чейин токтогон.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок. Оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти.

Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө учурунда жыл сайын январдын соңунан февралдын башына чейин чек арасын бир жумага убактылуу жабат.

Жаңы жыл майрамына карата Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учак каттамы да 23-январдан 1-февралга чейин убактылуу токтогон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38