KELECHEK
rek

Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын жарыялады

Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын жарыялады

Трамп менен Нетаньяху Ак үйдө. 27-январь 2020-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын жарыялады. Ал Иерусалимди Израилдин «ажырагыс борбору» катары сактап калууну убадалап, Чыгыш Иерусалим Палестина автономиясынын баш калаасы болушу керектигин айтты.

Президент ошондой эле эки мамлекет түзүүнү сунуштап, бир дагы израилдик же палестиналык өз үйүнөн алыс калбай турганын билдирди.

Трамп Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун катышуусунда өтүп жаткан иш-чарада сүйлөп жатып, тынчтык орнотуу планы палестиналыктар үчүн «акыркы мүмкүнчүлүк» болуп калышы ыктымалдыгын эскертти.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, пландын долбоору жашыруун түрдө Трамптын кызы Иванканын күйөөсү Жерад Кушнердин көзөмөлүндө даярдалган.

АКШнын президенти 80 барактан турган планы Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу боюнча буга чейинки сунуштардын эң толугу жана деталдуусу экенин айтты.

- Бүгүнкү күндө Израиль «тынчтыкка карата өтө чоң кадам жасап жатат». Иерусалим Израилдин ажырагыс борбору бойдон калат. Дүйнө азыр мунасага муктаж болуп турат, бирок коопсуздук маселесинде биз Израилден мунаса сурабайбыз. Бүгүн мен Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббасга кат жөнөттүм. Анда Палестина мамлекетине арналган жерлер төрт жыл ушул бойдон калып, бул аралыкта ал аймактарды жаратмандык өзгөрүүлөргө даярдык үчүн пайдаланууга болорун айттым, — деди Трамп.

- Ислам дүйнөсү үчүн 1948-жылдагы катаны оңдоп, Израилди таанууга убакыт келди, — деп кошумчалады АКШнын президенти.

Трамп тынчтык орнотуу планын колдогондугу үчүн Оманга, Бахрейнге жана Бириккен Араб Эмираттарына ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Изарилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху саясатчылар менен дипломаттарга, анын ичинде Иванка Трамп менен Жерад Кушнерге ыраазычылык билдирди.

Нетаньяху 28-январды АКШ биринчилерден болуп Израилди мамлекет катары тааныган 1948-жылдын 14-майындагыдай «улуу күн» деп атады.

Израилде, АКШда жана Европа биримдигинде террордук уюм деп табылган ХАМАС тобунун жетекчилиги Трамп менен Нетаньяхунун сөзүнөн кийин дароо бул планды четке кагышты. Ага чейин миңдеген палестиналык бул планга каршы акция уюштурган. Өз кезегинде Израиль оккупацияланган Батыш жээктин аймагына аскерлерин жайгаштырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52