KELECHEK
rek

Тажикстандын түрмөлөрүндө тополоң уюштурган 60 киши кайра соттолду

Тажикстандын түрмөлөрүндө тополоң уюштурган 60 киши кайра соттолду

Шермухаммад Шохиён

Тажикстанда Хожент жана Вахдат түрмөсүдөгү тополоңдор үчүн 60 соттолуучу кайрадан түрмөгө кесилди. Бул тууралуу 3-февралда өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён билдирди.

Маалыматка караганда, алар терроризм, экстремизм жана жалданмачылык үчүн соттолушту. Расмий версияларга караганда, Вахдат түрмөсүндөгү башаламандыкты мурда да ушундай эле айыптар үчүн жазага тартылгандар уюштурушкан.

Айрым соттолуучулардын жакындары өкүмдү кайра карап чыгууну талап кылышты. Алардын айтымында, жоопкерчиликке тартылган айрым кишилер тополоңдорго катышкан эмес.

Былтыр жарым жыл ичинде тажик түрмөлөрүндө эки жолу тополоң чыккан: Вахдат шаарындагы колонияда май айында тутанган башаламандыктан 32 адам каза болгон. Анын 29у камактагылар, үчөө түрмө кызматкери болгон. Ноябрда Хожент түрмөсүндөгү тополоңду басуу учурунда 21 соттолуучу өлгөн. Эки абак кызматкери каза таап, дагы бешөө жараат алган. Бул эки окуя үчүн тең жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу мойнуна алган.

Шермухаммад Шохиён дагы 30 соттолуучу сот өкүмүн күтүп жатканын кошумчалады. Алар Душанбедеги № 1 түрмөдө башаламандык уюштурууга аракет жасаган деп айыпталууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53