KELECHEK
rek

Алимбаев тажик генералынын сөзүнө жооп кайтарды

Алимбаев тажик генералынын сөзүнө жооп кайтарды

"Баткен эч качан тажиктердин жери болгон эмес, болбойт дагы. Бул жерде байыртадан кыргыз эли жашап келген", - деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын жетекчиси Абдикарим Алимбаев.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Алимбаев мындай билдирүүнү Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө жооп катары жасады.

- Ал кишинин мындай сөзү - тарыхты билбегендик. Облустук мекеменин башчысы болуп туруп минтип сүйлөбөшү керек. Чек араны өкмөттөр чечет. Эки мамлекеттин президенттеринин жүргүзүп жаткан ишине каршы сүйлөдү. Эки өлкөнүн кызматташтыгына анын айткандары дал келген жок. Андай болсо, Баткен аймагында жайгашкан Ворух анклавында, Чорху деген жерде биздин ата-бабаларыбыз да жашаган. Мургаб, Жергетал деген жерлерди да биздин ата-бабалар байырлаган. Андай болсо, ошол жерлер да суроо жаратып калат, - деди Алимбаев.

13-февралда Тажикстандын айрым маалымат каражаттарында жана Интернетте Навжувоновдун “Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” деген билдирүүсү тараган.

14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакыртылган. Кыргыз тарап Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө кескин тынчсыздануусун билдирген.

Расмий Дүйшөмбүдөн азырынча комментарий боло элек.

Кыргыз-тажик чек арасы толук чечилип бүтпөгөндүктөн, соңку жылдары тез-тез жаңжал чыгып, адам өмүрү кыйылган учурлар болууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12