KELECHEK
rek

Ош: убактылуу каттоого турууну милиция териштирип жатат

Ош: убактылуу каттоого турууну милиция териштирип жатат

Ошто жергиликтүү шайлоо алдында убактылуу каттоого турган жарандардын кескин көбөйгөнүнө байланыштуу прокуратура Ош шаарынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн жетекчисин мындай окуяларга жол бербөөгө чакырды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын өкүлү Наргиза Куватова кабарлады.

Анын сөзүна караганда, Ошто шайлоо алдында жогорку окуу жайынын окутуучулары студенттерден каттоого туруш үчүн паспортторун талап кылганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлар чыккан. Анда окутуучулар бул үчүн студенттердин окуусуна жардам берери айтылган.

«Бул Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39-192 «Добуш сатып алуу» беренеси менен катталды. Азыр бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», - деди Куватова.

2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да буга тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16-февралда тараткан маалыматта айтылгандай, 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге добуш берүүчү шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлүп бүттү. Ага 340 479 шайлоочу катыша алат. Бул жалпы шайлоочулардын 10% түзөт. Боршайкомдун маалыматына караганда, 12-апрелде добуш берүүгө шайлоо укугу бар, катталган жерине жараша жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар катыша алат.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24