KELECHEK
rek

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер тизмесине кирди

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер тизмесине кирди

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча комитети Өзбекстандагы Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгүн жоголуп кетүү коркунучунда калган объекттер тизмесине киргизди.

Шаршембиде жарыяланган комитеттин билдирүүсүндө Шахрисабзтын бул тизмеге киргизилишине анын тарыхый бөлүгүндө башталган курулуш себеп болгону маалымдалат.

Комитет шаардын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү максатында анын орто кылымга таандык бөлүгүндө башталган курулуш боюнча тынчсыздануусун билдирди. Комитет мейманканалардын жана башка заманбап имараттардын курулушу Шахрисабзтын тарыхый бөлүгүндө жоюлгус так калтырганын баса белгилейт. Комитет ЮНЕСКОдон шаарга бүлүнүүнүн деңгээлин аныктоо үчүн атайын миссия жөнөтүп, кайра калыбына келтирүү үчүн чараларды карап көрүүгө чакырды.

2000 жылдан ашуун тарыхы бар Шахрисабз шаары Өзбекстандын түштүгүндө, бир кезде Жибек Жолунун бир бөлүгү өткөн аймакта жайгашкан. XIV жана XV кылымдарда ал Кеш районунун маданий жана саясий борбору болуп турган. Комитет билдиргендей, шаар түрк-монгол лидери Амир Тимур бийликте турган маалдан калган диний жана светтик эстеликтердин топтому менен таанымал. Шахрисабзтын тарыхый бөлүгү Дүйнөлүк мурастар тизмесине 2000-жылы киргизилген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абад облусунда жайгашкан касиеттүү ыйык жерлердин сырлары көптөгөн чет жерден келген туристтерди...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:28