KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Кыргыз Респубикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-февралда Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамы (Бизнес-акыйкатчы) Робин Орд-Смитти кабыл алды.

Жолугушууда өлкөнүн бизнес субъекттеринин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо системасын өркүндөтүү чаралары тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Робин Орд-Смитти Бизнес-акыйкатчы институтунун ийгиликтүү ишке киргизилип, толук кандуу иштеп башташы менен куттуктады.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан көтөрүлгөн бир катар артыкчылыктуу маселелер каралганына токтолду.

Сооронбай Жээнбеков ишкерлер көтөргөн негизги көйгөйлөрдүн бири — бизнес чөйрө менен фискалдык жана укук коргоо түзүмдөрүнүн ортосундагы түшүнүшүүнүн жана натыйжалуу координациянын жок болуп жатканы, ошол себептүү ишкерлер бизнес чөйрөсүндө акыбал начарлап, өлкөдөн инвестиция чыгып кетип жатканын белгиледи.

Президент Робин Орд-Смиттин тажрыйбасы мамлекеттик органдар менен ишкерлер натыйжалуу өнөктөш болушу үчүн бизнес жана инвестицияны коргоонун натыйжалуу механизмдерин жөнгө салып, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жоюуга негиз түзө тургандыгына ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартыштарды сотко чейинки кароо боюнча азыркы механизмдерди жакшыртуунун маанисине токтолуп, Бизнес-акыйкатчы институту ишкерлердин ишенимине ээ болуп, мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте бизнести натыйжалуу коргоону камсыз кылат деген ишенимин дагы бир жолу билдирди.

Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит көрсөткөн ишеними үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, бул иште өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосу өтө маанилүү экенин белгиледи.

«Бизнес-акыйкатчы институтун чет өлкөлүк жарандын жетектеп жатканы — өлкөнүн тышкы инвестицияларга ачык экенинин көрсөткүчү», — деген пикирин билдирди Робин Орд-Смит.

Ал ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн укуктук кепилдиктерди камсыз кылууга жана алардын мамлекеттик органдар тарабынан сакталышына бардык күч-аракеттерин жумшарына ишендирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38