KELECHEK
rek

Кытайда Си Цзинпинди кызматтан кетүүгө чакырган активист кармалды

Кытайда Си Цзинпинди кызматтан кетүүгө чакырган активист кармалды

Хубэй провинциясындагы медициналык палата. 16-февраль 2020-жыл

Кытайда төрага Си Цзинпинди кызматтан кетүүгө чакырган укук таануучу, активист Сюй Чжиюн кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочулар кабарлашты.

Алар диссиденттин кармалышын сөз эркиндигин чектөө жана коронавирус тууралуу маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча Кытай бийлигинин кезектеги кадамы катары баалашууда.

«Жаңы жарандардын кыймылы» деп аталган социалдык өнөктүктүн демилгечиси катары белгилүү Сюй Чжиюн Гуанчжоу провинциясында кесиптеши Ян Биндин үйүндө кармалган.

Жекшемби күнү аны жашырып жүргөндүгү үчүн үй ээси менен анын уулу да кармалып, көп өтпөй кайра кое берилген. «Америка үнү» жаңылыктар кызматы кабарлагандай, полиция журналисттердин бул окуя тууралуу суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан.

Кытай полициясы өткөн жылы декабрда Фуцзянь провинциясындагы жашыруун жолугушуунун катышуучуларын издей баштаган. Иш-чарага катышкан 20га жакын активист жана укук коргоочулардын арасында Сюй Чжиюн да бар болчу.

Февралдын башында Си Цзинпин коронавирус эпидемиясы менен Гонконгдогу нааразылык акцияларын токтото албай тургандыгы жазылган Сюй Чжиюндун эссеси жарыяланган.

Буга чейин Чжиюн ички мигранттардын укуктарын коргогон өнөктүккө катышкандыгы жана жогорку кызматтагы аткаминердин байлыгы тууралуу маалыматка жетүүгө аракет кылгандыгы үчүн төрт жыл камалып чыккан.

АКШда жашаган кытайлык укук коргоочу Тэн Бяо учурдагы эпидемия бийликке коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө шылтоо болуп жатканын билдирди. Ал Кошмо Штаттарга көчүп барганга чейин Кытайда бир нече жолу кысымга кабылып, камакка алынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...