KELECHEK
rek

ТИМ: «Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандык менен байланыштабыз

ТИМ: «Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандык менен байланыштабыз

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинге алынган «Diamond Princess» круиздик кемесиндеги кыргыз жараны боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, кыргызстандыкка кошуна каютада жаткан адамдан коронавирус аныкталгандыктан Кыргызстандын жараны да вирусту жуктурушу мүмкүн деген шек жаралган. Министрлик Жапониянын тийиштүү мекемелеринин маалыматына таянып, кыргызстандыктын дене табы көтөрүлбөгөнүн, ал өзүн жакшы сезип жатканын жана учурда эч кандай дарылоого муктаж эмес экенин кабарлады.

«Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги «Diamond Princess» круиздик кемесинде коронавирус жугузганы айтылган Кыргызстандын жараны менен 6-февралдан бери байланышып жатат. Элчилик Жапониянын Тышкы иштер министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги менен да дайыма байланышта» деп айтылат маалыматта.

«​World of Cruising»​ журналы «Diamond Princess» кемесинде дагы 67 киши вирусту жугузуп алганын, арасында Кыргызстандын бир жараны бар экенин жазды.

«Diamond Princess» саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан тартып Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат. Карантин 19-февралда бүтөөрү кабарланган. Соңку маалымат боюнча, кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 450дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38