KELECHEK
rek

Метродо коронавирус жөнүндө тамаша кылган тажикстандык 7 жылга соттолушу мүмкүн

Метродо коронавирус жөнүндө тамаша кылган тажикстандык 7 жылга соттолушу мүмкүн

Москва метросунда коронавирус темасында оюн уюштурган тажикстандык Кароматулло Жабборовго тагылган айып катаалдаштырылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кароматулло Жабборов баштагыдай бейбаштык эмес, атайлап уюштурулган бейташтык үчүн айыпталууда. Тергөө бул ишке бир нече киши катышкан деп эсептейт. Жаңы айыптоо боюнча Жабборов жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Москва шаарынын Черемушкинский соту тажик блогерин бир айга камоо чечимин чыгарган. Ал 8-февралда кармалган.

Орусия ИИМи билдиргендей, 2-февралда Москва метросунда жаш жигит кокустан эс учун жоготуп койгондой түр көрсөткөн. Шериктери анын коркунучтуу вирустук инфекциясы бар экенин айтышып, жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салышкан. Кийинчерээк бул учур тартылган видеоролик Интернетте тараган.

Учурда Кытайда жайылган коронавирус 2000ден ашуун кишинин өмүрүн алды, миндеген адамдар инфекцияны жуктуруп алды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...