KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алды.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары кыргыз-венгер мамилелеринин жигердүү өнүгүшү байкалып жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, ага 2018-жылдын сентябрында Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга биринчи расмий иш сапары менен келишин мисал келтирди.

Венгрия менен кызматташууну арбытуу Европа бирлигинин (ЕБ) институттары менен кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык артыкчылыктуу багыттарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестиция жаатындагы багыттарда Венгрия менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын билдирди. Венгрия Элчилигин Кыргызстанда ачуу достук мамилелерди жана биргеликте аракеттенүүнү бекемдөөгө көмөктөшөрүн кошумчалады.

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто венгер тарап Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин билдирди. Венгрияда 2020-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий иш сапары чыдамсыздык менен күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Петер Сийярто бул күтүлүп жаткан иш сапар эки жактуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгууга өбөлгө боло тургандыгын ишенимдүү айтты. Анын билдиришинче, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Венгрияга боло турган иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлуучу эки тараптуу документтерди иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө.

Петер Сийярто аны менен бирге келген делегациянын курамында инвестициялык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп чыгуу үчүн 30дан ашуун ири компаниянын өкүлдөрү бар экенин маалымдады. Венгер компанияларынын кыргызстандык рынокко болгон кызыгуусу өлкөнүн ачыктыгынын белгиси экенин кошумчалады.

Мындан сырткары, ал Венгрия салык тармагын реформалоо, инвестициялык кызматташууну жакшыртуу жана экспорттук дараметти кеңейтүү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алып, окутууга даяр экенине токтолду. Ошондой эле Кыргызстандын студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларынан билим алууга квоталарды көбөйтүүгө да даярдыгын белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12