KELECHEK
rek

Сауд Арабиясы мунайдын баррелин 6-8 долларга арзандатат

Сауд Арабиясы мунайдын баррелин 6-8 долларга арзандатат

Сауд Арабиясы апрелден тарта мамлекеттик «Saudi Aramco» компаниясы өндүргөн мунайдын бир баррелин 6-8 долларга арзандата турганын билдирди.

Падышалык мындан тышкары мунай өндүрүшүн көбөйтүп, суткасына 10 млн. баррелге чейин кара май өндүрүүнү көздөйт. «Bloomberg» агенттиги жана эксперттер мамлекеттик «Saudi Aramco» компаниясынын бул аракетин «соода согушу», «Европадагы, Азиядагы жана АКШдагы кардарларды өзүнө тартып кетүү далалаты» деп баалап жатышат.

Саудия мындай билдирүүсүн Венадагы сүйлөшүү үзгүлтүккө учурагандан кийин, 7-мартта таратты.

Коронавируска байланыштуу дүйнөдө өндүрүштүн ыргагы солгундап, натыйжада мунайга муктаждык азайып, анын баасы төмөндөгөн. Ошондон улам ири мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү Венага чогулуп, өндүрүштүн көлөмүн дагы азайтууну макулдашмак. Орусия «ага негиз жок» деп бул сунушка көнгөн жок.

Жума күнү сүйлөшүүдөн майнап чыкпаган соң мунайдын баасы 8% ылдыйлап, баррели 45 долларга түшүп кетти. Сауд Арабиясынын кадамынан кийин кара майдын дагы арзандашы күтүлүүдө.

Москванын Венадагы позициясына бардык эле мунай копаниялары макул эмес. «Лукойлдун» теңшерик ээси Леонид Федун «The Bell» интернет-порталы менен болгон маегинде Венадагы ажырымдан кийин Орусия күнүнө 100-150 млн доллар жоготорун билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...