KELECHEK
rek

Ооганстанда эки талапкер өздөрүн президент деп жарыялашты

Ооганстанда эки талапкер өздөрүн президент деп жарыялашты

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла

Ооганстанда президент Ашраф Гани жана аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла 9-мартта өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, өздөрүн президент деп жарыялашты.

Кабулдагы эки саясатчынын жанаша турган кеңсесиндеги өз-өзүнчө ант берүү аземдерине жүздөгөн адамдар катышты. АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад жана АКШ башында турган эл аралык күчтөрдүн кол башчысы, генерал Скотт Миллер Ганинин ант берүү аземине катышты. Мунун алдында атаандашкан саясатчылар бийлик бөлүштүрүүгө байланыштуу орток пикир таба алган эмес.

Ооганстанда президенттик шайлоо былтыр сентябрда өткөн. Өткөн айда гана Көз карандысыз шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, Ганини шайлоочулардын 50,64 пайызы колдоп, экинчи мөөнөткө шайланган.

Абдулла Абдулла болсо 39,52 пайыз добушка ээ болгон. Бирок ал добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана «добуштарды жапырт уурдоо болду жана мыйзам бузуу менен коштолду» деп сынга алган.

2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо да Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани «ит жыгылыш» болуп калганда Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен эки саясатчынын ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн. Ага ылайык, Ашраф Гани президент, ал эми Абдулла Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы же башкы аткаруучу болууга көнүп, мунаса табылган эле.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24