KELECHEK
rek

Орусия миграция саясатын жөнөкөйлөштүрөт

Орусия миграция саясатын жөнөкөйлөштүрөт

Орусия президенти Владимир Путин өткөн аптадагы өкмөттүн жыйынында өлкөдө убактылуу жашап туруу эрежесин жокко чыгарып, Орусияда жашоо укугун негизги статус катары бекитүүнү сунуштады. Эгер бул демилге колдоо тапса чет өлкөлүктөр жарандык алууга талапкер боло алышат.

Учурда орус жарандыгын алууну каалагандар алгач өлкөдө убактылуу жашап турууга арыз тапшырып, анан үч жылдан кийин гана бир жерде жашоо укугуна талапкер боло алышат. Туруктуу жашоого уруксат алгандан кийин гана жарандык үчүн документ тапшырууга мүмкүн.

Москвада он жылдан бери таксист болуп иштеп жаткан 30 жаштагы Даврон Ходжибоев бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алды.

“Орусия жарандыгын алуу өтө татаал. Он жылдан бери иштеп жүрөм, миграциянын бардык азабын көрдүм. Эгер убактылуу жашап туруу демилгеси жокко чыгарылса, мен жарандык алып, бул жакка үй-бүлөмдү алып келем. Качанкыга чейин эки башка жашайбыз?”, – деди ал.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргогон Каримжон Ёров бул өлкөдөгү тажикстандыктардын 80% туруктуу жашоо укугуна ээ болууга аракет жасай турганын билдирди. Себеби бул аларды депортациядан жана ай сайын патент үчүн акча төлөөдөн сактайт. 2019-жылы тажик мигранттары мекенине 2 миллиард 700 миң доллар жөнөтүшкөн. Эл аралык уюмдардын эсебинде Тажикстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлө мигранттар которгон акча менен жашашат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53