KELECHEK
rek

Орусиянын шаарларында Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциялар өттү

Орусиянын шаарларында Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциялар өттү

Жекшемби күнү Орусиянын бир нече шаарында Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөргө, анын ичинде Владимир Путиндин президенттик мөөнөттөрүнүн жокко чыгарылышына каршы акциялар өттү.

«Сибирь.Реалии» басылмасынын маалыматына караганда, Красноярск шаарындагы митингге 200гө жакын адам катышты.

«Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Екатеринбургдагы нааразылык акциясына 50гө жакын адам келгенин билдирди. Коронавируска байланыштуу бул шаарда 50дөн ашык адамдын катышуусунда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Чита шаарында да чектөөлөрдөн улам катышуучулардын саны 50дөн ашкан жок. Алар колдоруна «Түбөлүктүү Путинге жол жок» деген жазууларды кармап чыгышты.

Новосибирсктеги митингге 40ка жакын адам катышып, «саясий туткундардын жаза мөөнөтүн жокко чыгарууну» жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартууну талап кылышты.

«Росбалт» агенттигинин маалыматына караганда, ушундай эле акциялар өлкөнүн башка бир нече шаарларында да өттү. COVID-19 вирусунан улам Москва жана Санкт-Петербург сыяктуу ири шаарларда эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салынган.

Президент Путин өткөн аптадагы буйругу менен Конституциялык түзөтүүлөр боюнча бүткүл орусиялык добуш берүүнү 22-апрелге белгилеген. Анда шайлоочуларга «Орусия Федерациясынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө макулсузбу?» деген бир гана суроо берилет.

Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдүн арасында Владимир Путиндин президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгаруу сунушу да бар. Ал Путинге 2024-жылдагы президенттик шайлоого кайра талапкерлигин коюуга жана өлкөнү кеминде дагы 2036-жылга чейин башкарууга мүмкүндүк берет.

Буга чейин Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) башчысы Элла Памфилова коронавирустан улам конституциялык өзгөртүүлөр боюнча добуш берүү кийинкиге жылдырылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...