KELECHEK
rek

Казакстанда өзгөчө абал режимин бузууга айыпталган үч активист камакка алынды

Казакстанда өзгөчө абал режимин бузууга айыпталган үч активист камакка алынды

21-мартта Казакстандын Актөбө шаардык административдик соту «өзгөчө абал режимин бузууга» айыпталган жарандык активисттер Алибек Молдинди, Асылхан Жаубатыровду жана Айтжан Темиргазиевди 10 суткадан камакка алуу чечимин чыгарды.

Өкүмгө ылайык, мындан тышкары активисттер Карагөз Башигулов менен Аклим Туксиков 26 510 теңгеден (59 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

«Бул жарандар 18-мартта Актөбө шаардык сотунун имаратынын алдында акция өткөрүп, президенттин 15-марттагы токтому менен киргизилген өзгөчө абал режимин бузушту», — деп жазылган соттун чечиминде.

Активисттердин камакка алынганын «Азаттыктын» казак кызматына Алибек Молдиндин жубайы Жадыра Нугманова ырастады.

— Алар 18-мартта «Полицияга баш ийбөө» беренеси боюнча айыпталып жаткан активист Асылхан Жаубатыровду колдоо үчүн сотко барышкан. Өзгөчө абал режимине байланыштуу алар сотко киргизилген эмес. Имараттын алдында топтошуп тургандыктан, бийлик аларды өзгөчө абал режимин бузду деп айыптап, камакка алды», — деди ал.

Активисттер Молдин, Жаубатыров жана Темиргазиев буга чейин бир канча жолу өкмөткө каршы акцияларга катышып, административдик камакта отуруп чыгышкан.

Казакстанда коронавируска байланыштуу 16-марттан тарта өзгөчө абал режими күчүнө кирген. Мындан улам эл көп топтолгон оюн зоок борборлору, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынган.

22-мартка карата өлкөдө 57 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53