KELECHEK

Канада менен Австралия Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышуудан баш тартты

Канада менен Австралия Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышуудан баш тартты

Канаданын Олимпиадалык жана паралимпиадалык комитеттери COVID-19 пандемиясынан улам Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тартышты. Кийинчерээк Австралиянын Олимпиадалык комитети да ушундай чечим кабыл алганы белгилүү болду.

Канада өз билдирүүсүндө Эл аралык олимпиада комитети менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун жайкы Олимп оюндарын бир жылга жылдырууга чакырган.

Өз кезегинде австралиялык комитет өлкөнүн спортчулары 2021-жылкы оюндарга даярдана турганын билдирди.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам Олимп оюндарын жылдыруу өтүнүчү менен Эл аралык олимпиада комитетине Норвегия менен Бразилия кайрылган.

Өткөн жумада комитеттин башчысы Томас Бах оюндарды жылдыруу ыктымалдыгы тууралуу чечим жакынкы күндөрү кабыл алынарын билдирген.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ 23-мартта өлкө парламентинде сүйлөп жатып, Олимпиаданы өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу ыктымалдыгы бар экенин айткан.

Жайкы Олимп оюндарын быйыл 24-июлдан 9-августка чейин Токио шаарында өткөрүү пландалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Токиодогу Олимп оюндары 2021-жылга жылдырылат

Токиодогу Олимп оюндары 2021-жылга жылдырылат

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жайында Токиодо өтүшү керек болгон Олимп оюндары 2021-жылга...

СПОРТ 2020-03-25  19:02

ЖАМУнун СТУДЕНТИ Э. СЕКСЕНБАЕВ МЫКТЫ СПОРТЧУ АТАЛДЫ

ЖАМУнун СТУДЕНТИ Э. СЕКСЕНБАЕВ МЫКТЫ СПОРТЧУ АТАЛДЫ

“Алыш” күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону, ЖАМУнун студенти Элдияр Сексенбаевди окуу жайдын ректору...

СПОРТ 2020-03-03  18:14

Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы «Худжанд» клубун 1:0гө утуп алды

Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы «Худжанд» клубун 1:0гө утуп алды

Бүгүн, 19-февралда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда өткөн эл аралык футболдук беттеште...

СПОРТ 2020-02-20  03:20

Америкалык режиссер Айсулуу Тыныбекова жөнүндө документалдык тасма...

Америкалык режиссер Айсулуу Тыныбекова жөнүндө документалдык тасма...

Айсулуу Тыныбекова

Америкалык режиссер Рейчел Сайн кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова жөнүндө...

СПОРТ 2020-01-09  17:23

Кыргызстан - Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргызстан - Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди.

Биринчи эки голду...

СПОРТ 2019-10-12  21:05

Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин кубогу өттү (ФОТО)

Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин кубогу өттү (ФОТО)

Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин кубогуна арналган кичи-футболдун жарым чейректик жана финалдык...

СПОРТ 2019-10-04  05:42

Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова...

Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова...

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрда, аялдар күрөшү боюнча дүйнө...

СПОРТ 2019-09-25  16:34