KELECHEK

Кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстандын башкаруусуна берилди

Кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстандын башкаруусуна берилди

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилди. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-мартта ушундай билдирүү таратты.

Covid-19 оорусуна каршы күрөшүү үчүн оорукана Кыргызстанга берилгени айтылды.

Алты кабат жаңы ооруканада заманбап реанимация жабдуулары, тийиштүү техника бар. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок Кыргызстанда мындай программаны билген адистер жок болгондон улам түрк тарап оорукананы алгачкы жылдары башкарууну өзүлөрү колго алууну көздөп келген.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 42 адам катталды. Алардын эң кичинеси бир жашка толо элек ымыркай, карысы 86 жашта экени айтылды. 25-марттын таңына карата жаңы учурлар катталган жок.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат, Ала-Бука аймактык ооруканаларында жатат.

Дүйнөдө коронавирус күчөп турган чакта кыргыз-түрк ооруканасын тез арада ачуу зарылчылыгы парламентте жана социалдык түйүндөрдө айтылып жаткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

4-апрель: COVID-19 дагы 14 адамга жукту

4-апрель: COVID-19 дагы 14 адамга жукту

Баткендеги оорукана.

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясы жуккан дагы 14 адам...

ДЕН СООЛУК 2020-04-04  19:34

Министр: Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин абалы жакшы

Министр: Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин абалы жакшы

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин...

ДЕН СООЛУК 2020-04-04  20:04

Ноокатта милиция кызматкери үй-бүлөсү менен обсервацияга жаткырылды

Ноокатта милиция кызматкери үй-бүлөсү менен обсервацияга жаткырылды

иллюстрациялык сүрөт.

3-апрелде обсервацияга жаткырылган милиция кызматкеринин жана анын...

ДЕН СООЛУК 2020-04-04  20:58

Дүйнөдө COVID-19 жуктурган адамдардын саны миллионго жакындады

Дүйнөдө COVID-19 жуктурган адамдардын саны миллионго жакындады

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны бир миллионго жакындады. Дүйнөлүк саламаттык...

ДЕН СООЛУК 2020-04-02  15:48

Казакстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 400дөн ашты

Казакстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 400дөн ашты

 

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2-апрелге карата дагы 16 киши коронавирус...

ДЕН СООЛУК 2020-04-02  17:47

Өзбекстанда 65 жаштан ашкан адамдардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынды

Өзбекстанда 65 жаштан ашкан адамдардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынды

Өзбекстанда 1-апрелден тартып 65 жаштан өткөн адамдардын үйдөн чыгуусуна тыюу салынды. Мындай чечимди...

ДЕН СООЛУК 2020-04-02  17:56

ДССУ Тажикстанда COVID-19 жуктургандар жок экенин ырастады

ДССУ Тажикстанда COVID-19 жуктургандар жок экенин ырастады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Тажикстанда COVID-19 жуктурган адамдар жок экендиги тууралуу...

ДЕН СООЛУК 2020-04-02  18:00