KELECHEK
rek

Бишкек шаарында каттоосу жок жарандар жашаган жеринен маалымдама алышы керек

Бишкек шаарында каттоосу жок жарандар жашаган жеринен маалымдама алышы керек

Өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жеринен маалымдама алууга милдеттүү. Бул тууралуу 25-мартта борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ошол эле маалда Бишкекте иштеп, бирок башка аймактарда жашаган кишилер иштеген жеринен маалымдама алышы керек.

Алмаз Орозалиев өзгөчө абал режиминде журналисттердин иштөөсүнө эч кандай чектөө жок экенин да белгиледи. Кабарчыларды аккредитациядан өткөрүү маселесин республикалык штаб менен сүйлөшүп жатканын билдирди.

“Мен шаардын коменданты катары айтам, журналисттердин ишине эч кандай чектөө жок. Штаб менен сүйлөшүп, канча журналистке беребиз, аккредитациядан кандай өткөрүү боюнча билдиребиз. Мен билгенден журналисттер топтошуп иштебейт. Андыктан коркунучтуу эмес”, - деди Орозалиев.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

25-мартта өлкө боюнча COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болду. Алардын 20сы Ош, 19у Жалал-Абад облусунда, үчөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй, дагы бирөө Баткен облусунда катталды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13