KELECHEK
rek

Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 120 миллион доллар бөлдү

Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 120 миллион доллар бөлдү

Эл аралык валюта кору COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү жана бюджеттеги тартыштыкты жою үчүн Кыргызстанга 120,9 миллион доллар бермей болду. Аталган уюмдун Вашингтондогу жетекчилиги 26-мартта ушундай чечим кабыл алды.

Пандемиянын айынан Кыргызстандын макроэкономикасы жана каржы саясаты катуу жабыркап, 400 миллион долларлык чыгымга учуроодо.

Уюмдун башкаруучу директору Кристалина Георгиевна: "COVID-19 пандемиясы кыргыз экономикасына катуу сокку уруп, шашылыш төлөй турган тармактарда акча тартыштыгы келип чыкты. Иштеп жаткан бардык тармактар вирустун айынан токтоп калды. Бул себептен улам Эл аралык валюта кору шашылыш насыя бөлүүнү ишке ашырууда", - деген билдирүү жасады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясынан улам өлкө экономикасына терс таасир тийип жатканын айтып, Эл аралык валюта уюму баштаган бир катар эл аралык институттардан жардам сураган. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38