KELECHEK
rek

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдар үчүн ооруканалар курулууда

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдар үчүн ооруканалар курулууда

Өзбекстан коронавирус жуктуруп алган жарандарды дарылоо жана карантинге жаткыруу үчүн шашылыш түрдө медициналык жайларды курууда. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңы имараттар Ташкентте жана өлкөнүн төрт облусунда курулат.

«Ташкентте заманбап үч медициналык мекеме курулуп жатат. Алар жакынкы айларда алгачкы бейтаптарды кабыл алышат. Ошондой эле Ташкенттеги Стоматологиялык институттун жаңы имараты 250 орунга ылайыкташтырылып жасалат. Ал май айында пайдаланууга берилет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары карантиндик жай куруу үчүн Ташкент облусундагы Юкоричирчик районунан 55 гектар жер бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Зангиата районунда 27 гектар жерге 10 000 адамга ылайыкташкан оорукананын курулушу башталды. Мындай медициналык жайлар өлкөнүн Анжиян, Навои жана Сурхандарыя облустарында да курулат.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 75 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындан тышкары дагы 20 миң киши карантинге алынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52