KELECHEK
rek

Өзбекстанда бардык аэропорттор ишин токтотту

Өзбекстанда бардык аэропорттор ишин токтотту

Өзбекстанда 30-марттан тартып 20-апрелге чейин бардык аэропорттор өз ишин токтотту. Мындай чечимди Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча атайын республикалык комиссия кабыл алды.

Буга чейин Өзбекстан тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан жарандар үчүн чартердик авиакаттамдарды уюштуруу иштери жүрүп жатканын билдирген.

Күн мурун жүздөн ашуун өзбекстандык Москвадагы «Внуково» аэропортунда күн кечирип, чартердик каттамды күтүп жатканы кабарланган. Стамбулдагы аэропортто да ушундай эле кырдаал түзүлгөн. Аба мейкиндиги жабылса, эми чартердик каттамдар маселеси кандай чечилери белгисиз.

Бул арада Өзбекстанда 30-марттан тартып 20-апрелге чейин жеке транспорт колдонууга тыюу салынды.

Маалыматка караганда, жеке автоунааларды өтө чукул кырдаалдарда (төрөт, олуттуу жаракат алуу же адам өмүрүнө коркунуч жаралган башка учурларда) гана колдонууга болот. Көчөлөрдө атайын стикер чапталуу транспорттук каражаттар гана жүрө алат. Стикерлер 29-марттан тартып бериле баштаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52