KELECHEK
rek

Абылгазиев: Ишкерлерди каржылык колдоого мүмкүнчүлүк жок

Абылгазиев: Ишкерлерди каржылык колдоого мүмкүнчүлүк жок

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурдагы шартта ишкерлерге башка өлкөлөр сыяктуу финансылык колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы кризиске каршы чаралар боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешмеде Абылгазиев дүйнөдө коронавирус пандемиясынын жайылышынан өлкө экономикасы оор кырдаалда турганын эске салды.

«Биз бизнести колдош үчүн бардык мүмкүнчүлүктү максималдуу түрдө пайдаланабыз. Тилекке каршы, бизде башка өлкөлөр сыяктуу финансылык жактан колдоо боюнча мүмкүнчүлүк жок. Бирок биз тараптан өзгөчө абал тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин бизнеске, жеке ишкерлерге жана жарандарга каржылык жана салыктык жеңилдиктер аркылуу максималдуу түрдө жардам берилет», деди премьер-министр.

Мындан сырткары Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экенин белгилеп, учурда башка өнөктөштөр менен каржылык жардам алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчы жарандардын саламаттыгы, коопсуздук, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана санариптештирүү багыттарынан башка иштерге мамлекеттик сатып алуу убактылуу чектелерин жарыялады.

Кыргызстанда 31-мартка карата коронавирус жуккан 107 адам аныкталды, алардын үчөө айыгып чыкты.

Пандемиядан улам өлкө экономикасына тийген терс таасирди азайтыш үчүн президент Сооронбай Жээнбеков бир нече эл аралык каржы институтуна кайрылган. Анын ичинен Эл аралык Валюта Фонду 120 миллион доллар насыя берүүгө макул болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38