KELECHEK
rek

Bloomberg: Орусия мунай өндүрүшүн көбөйтпөйт

Bloomberg: Орусия мунай өндүрүшүн көбөйтпөйт

Орусия 1-апрелде ОПЕК менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганына карабастан, мунай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтпөйт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги орус өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Булактын айтымында, азыркыдай кырдаалда Москва үчүн мунай өндүрүшүн көбөйтүү маанисиз. Буга чейин Орусиянын энергетика министри Александр Новак өлкө мунай өндүрүшүн күнүнө 200-300 миң баррелге чейин көбөйтүшү мүмкүн экенин айткан.

Агенттиктин божомолуна ылайык, Орусиянын өндүрүш көлөмүн көбөйтпөө чечими — Сауд Арабиясы менен жүрүп жаткан «баа согушундагы» элдешүүнүн белгиси болушу мүмкүн.

Марттын башынан бери мунайдын дүйнөлүк баасы дээрлик 50% төмөндөдү. Буга Орусия сырье өндүрүү көлөмүн азайтуу боюнча ОПЕК менен келишим түзүүдөн баш тарткандыгы себеп болгон. Сауд Арабиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономиканы колдоо үчүн мунай өндүрүшүн азайтууну сунуштаган. Орусия өндүрүштү чектөөгө негиз жок экенин билдирип, бул сунушка макул болгон эмес. Буга жооп катары Эр-Рияд мунайын арзандатып, өндүрүш көлөмүн көбөйткөн.

Апта башында АКШнын президенти Дональд Трамп мунай баасынын төмөндөшүн токтотуу үчүн Москва жана Эр-Рияд менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын билдирген. Ак үйдүн башчысы бул маселени апта башында Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө да көтөргөн. Трамптын айтымында, тараптар сүйлөшүүгө даяр. Азырынча баалардын төмөндөшүн токтотуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү мүмкүндүгү атыла элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38